“ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ” САБАГЫНА БАТКЕНДИК ОКУУЧУЛАРДА КЫЗЫГУУ ЧОҢ

  • 23.05.2023
  • 0

Баткен шаарындагы  В.И.Ленин атындагы  орто мектебинде «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагынан Фуркат Авлиёев сабак берет. Ал Бишкектеги Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институтта атайын курстан окуп келди.

“ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ” САБАГЫНА БАТКЕНДИК ОКУУЧУЛАРДА КЫЗЫГУУ ЧОҢ

Мугалимдин айтуусунда бул сабак башталгандан эле окуучулар кызыгуу менен кабыл алууда. Ошондой эле кайдыгер эмес мугалимдер, ата-энелер да сабакка катышууда.

Мисалы, Кимия Раимбердиевнанын небереси аталган мектептин 9-классында билим алат. Ал небереси менен кошо сабакка катышып, анын кандай өтүлүп жатканына өзү күбө болуп кетти.

Ал өзү мугалим болгондуктан китептин мазмуну менен таанышып, андагы темалар окуучуларга керектүү экенин баса белгиледи.

Муну менен катар жыл аягында  окуучулардан оозеки жана жазуу түрүндө анкета алынган, анда окуучулар бул сабактан бир катар пайдалуу маалыматтарга ээ болгондугун белгилешкен.

Бул сабак  президент Жапаровдун жарлыгынын негизинде 2022-2023-окуу жылында 9-класстар үчүн киргизилген. Сабактын максаты дин, анын тарыхы жана адамзаттын жашоосундагы ролу боюнча объективдүү билим билим берүү жана окуучуларды терс агымдардан оолак кармоо болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер