ДИЛБАЯНДАР СЫНАГЫ: “ТҮРКСОЙ – ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ”

  • 10.02.2023
  • 0

Түрк маданиятынын ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата уюмга мүчө түрк тилдүү өлкөлөрдүн (Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан) окуучуларынын арасында 1-февралда “ТҮРКСОЙ – түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” деген аталышта эң мыкты дилбаяндардын сынагы жарыяланды.

ДИЛБАЯНДАР СЫНАГЫ:  “ТҮРКСОЙ – ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ”

Сынактын шарттары:

— Сынак ар бир өлкөнүн Билим берүү министрлиги тарабынан коюлган шарттар менен өткөрүлөт.

— Дилбаяндар кыргыз тилинде жазылышы керек.

— Дилбаянды окуучу компьютерде тербей, кол жазма түрүндө жибериши керек.

Конкурстун жыйынтыгында ар бир өлкөдөн он мыкты дилбаян тандалып алынып, ТҮРКСОЙГО жиберилет.

ТҮРКСОЙ ар бир өлкөдөн үчтөн окуучуну жеңүүчү катары тандап алат.

Сыйлыктар:

Биринчи орун – ноутбук

Экинчи орун – планшет

Үчүнчү орун – планшет

Жеңүүчүлөр ошондой эле Түркия Республикасында 23-апрелде боло турган Улуттук суверенитет жана балдарды коргоо күнүндө майрамдык иш-чараларга катышып, Анкара жана Стамбул шаарларынын жетишкендиктери менен таанышат.

Конкурстун мөөнөтү: 2023-жылдын 1-февралынан 20-мартка чейин.

Конкурстун жыйынтыгы 2023-жылдын 1-апрелинде жарыяланат.

Конкурстун жобосу толугу менен “Кут Билимдин” сайтына жарыяланат.

Дилбаяндарды Билим берүү жана илим министрлиги менен “Кут Билим” гезитинин редакциясына жиберишсе болот.

Дареги:
Бишкек ш., Тыныстанов көчөсү, 257, тел.: 62-04-86; 62-04-68

Бөлүшүү

Комментарийлер