ДЕПУТАТТАР БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ КӨТӨРДҮ
- 22.04.2026
- 0
Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин “ар кандай маселелер” саатында аймактардагы социалдык көйгөйлөр менен катар билим берүү тармагындагы маселелер да айтылды. Эл өкүлдөрү мектеп, бала бакча, лицей жана окуучулардын коопсуздугу тууралуу бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Депутат Гүлай Машрапова Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы Кыш-Абад айылында ФАПтын имараты бала бакча катары колдонулуп жатканын айтты. Ал эми мурдагы бала бакча жеке менчикке өтүп кетип, айыл тургундары аны көп жылдан бери кайра ала албай жүргөнүн белгиледи. Депутат бул маселени чечип берүү өтүнүчүн билдирди.
Нуржамал Торобекова да Кара-Суу районундагы көйгөйлөргө токтолду. Анын айтымында, Баш-Булак жана Мады айыл аймактарынан келген кайрылууларда Торгой-Булак менен Эшим айылдарында мектеп да, ФАП да жок экени айтылган. Учурда ФАП менен бала бакча бир эле имаратта жайгашкандыктан, жаңы имарат куруу зарыл экенин белгиледи.
Бурул Аманова мектептердеги буллинг маселесине көңүл бурду. Анын айтымында, акыркы учурларда бул көрүнүш кайгылуу окуялар менен аяктап жатат. Ошондуктан мектептерде психологдордун санын көбөйтүү керек, анткени айрым окуу жайларда мындай адистер дээрлик жок.
Гүлшаркан Култаева Шамалды-Сай шаарчасындагы кесиптик лицейдин жер маселесин көтөрдү. Анын айтымында, лицей 2,45 гектар жерин кайтарып алуу үчүн 2015-жылдан бери соттошуп келет. Бирок иш дагы эле бүтө элек. Депутат мындай социалдык объекттер мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керектигин айтты.
Жылдыз Курманалиева Сузак районундагы Бостон айылындагы Хакимжан Кенжаев атындагы орто мектеп тууралуу сөз кылды. Бул мектеп 2016-жылы авариялык абалда деп табылган. Бирок ошондон бери жаңы имарат куруу маселеси чечилбей келет. Долбоору даяр болуп, документтери тапшырылганына карабай, курулуш баштала элек.
Айсаракан Абдибаева Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагындагы оорукана тууралуу айтты. Анын маалыматына караганда, 16 миң адамды тейлеген бул имарат мурда тамеки ферментациялоочу завод болгон. Жергиликтүү тургундар жаңы оорукана курууну суранып жатышат.
Медербек Саккараев болсо Искра жана Жаңы-Курулуш айылдарына жаңы бала бакча керек экенин билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө айтылган маселелер аймактарда билим берүү тармагында чечиле элек көйгөйлөр көп экенин дагы бир жолу көрсөттү.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер