ДЕМИР БАНКТЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭАУНУН СТУДЕНТТЕРИНЕ ЛЕКЦИЯ ОКУДУ

  • 25.03.2021
  • 0

Бүгүн К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде “Демир Кыргыз Интернешнл Банк” ЖАКтын Жалал-Абаддагы филиалынын кызматкерлери “Акчанын глобалдык жумалыгы – 2021” иш-чарасы алкагында “Өзүңдү жана акчаңды сакта” деген темада студенттерге лекция окушту.  

Лекция окуган банктын юридикалык жактарды тейлөө боюнча ага адиси Козюрина Екатерина, жеке жактарды тейлөө боюнча ага адис Халявкина Евгения жана жеке жактарды тейлөө боюнча адис Жусупов Канболот ушул эле окуу жайды  бүтүрүүчүлөрү. Алар өздөрү окп кеткен окуу жайдын студенттерине кызыктуу лекцияларды окуп беришип, студенттердин ыраазычылыгына татышты. ЭАУнун ректораты “Демир Кыргыз Интернешнл Банк” ЖАК Жалал-Абаддагы филиалынын дирекциясына университет менен тыгыз кызматташуусу үчүн өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер