DAAD Alumni суу коопсуздугу маселелери талкууланды

  • 18.05.2026
  • 0
2026-жылдын 15–17-май күндөрү Кара-Көл шаарында жана Токтогул районунда «Глобалдык өзгөрүүлөр шартында Кыргызстандын суу коопсуздугу» аттуу DAAD Alumni эл аралык конференциясы өттү.
DAAD Alumni суу коопсуздугу маселелери талкууланды
Иш-чарага илимий коомчулуктун өкүлдөрү, энергетика тармагынын адистери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл аралык эксперттер катышып, суу ресурстарын туруктуу башкаруу, энергетикалык коопсуздук жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселелерин талкуулашты.
Конференцияны Кыргызстандагы DAAD Alumni ассоциациясынын президенти, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кыргыз-Герман техникалык институтунун директору Айнура Усупкожоева ачып, экологиялык чакырыктарды чечүүдө илимдин, мамлекеттин жана өндүрүштүн кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
DAAD Alumni суу коопсуздугу маселелери талкууланды
Конференциянын жүрүшүндө климаттын өзгөрүшүнүн суу ресурстарына тийгизген таасири, гидротехникалык курулмалардын коопсуздугу, гидроэнергетиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Токтогул гидроэнергетикалык комплексинин өлкө үчүн стратегиялык мааниси талкууланды.
Мындан тышкары, Камбар-Ата ГЭС долбоору, аймактын маданий-тарыхый мурастарын сактоо, азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарбасын суу менен камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Конференция тажрыйба алмашуу, кесиптик байланышты чыңдоо жана туруктуу өнүгүү багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болду.
Бөлүшүү

Комментарийлер