ДҮЙНӨЛҮК ПЕДАГОГИКА ТЫНЧТЫК САБАГЫНА МУКТАЖ!

  • 01.10.2020
  • 0

Бардык мамлекеттерге бирдиктүү жаңы сабакты сунуштаймын. Бул саамалык «Тынчтык сабагы» деп аталат.

ДҮЙНӨЛҮК ПЕДАГОГИКА ТЫНЧТЫК САБАГЫНА МУКТАЖ!

Тарыхтан маалым болгондой, кээ бир өлкөлөрдө согуштун үнү өчө элек. Ооган жериндеги кайгылуу окуяларды ойлосом, жүрөгүм ооруйт. Балкан жарым аралындагы коогалаңдын токтогонуна аз эле убакыт болду. Айрым араб өлкөлөрүндөгү кечээги чыр-чатактарды унута элекпиз.

Дүйнөнүн кээ бир мамлекеттеринде жарандык согуштар басылбай келет.

Ошондуктан, Бириккен Улуттар Уюмуна, эл аралык коомчулукка, бардык мамлекеттердин жетекчилерине, илим-билим тармагын тейлеген тараптарга мына минтип кайрылам: Дүйнөлүк агартуу Тынчтык сабагына муктаж болуп олтурат. Болочок жаш муундардын жүрөгүнө биримдиктин, ынтымактын, тынчтыктын үрөнүн себели!Ар бир үйдө тынчтык болсун! Чымчыктын да уясы бузулбасын! Жер жүзүндө мылтыктын эмес, баланын күлкүсү жаңырып турсун! Адамзаттын эң башкы баалуулугу — Тынчтык!

Жер планетасын сактап калалы!

Тынчтык сабагы бардык мамлекеттердин окуу программасына киргизилсин!

Тайир Аширбай, мугалим.

Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Лейлек району, Ак-Суу айылы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер