ЧЫГАРМАЧЫЛ БОРБОРЛОРГО КӨҢҮЛ БУРГАН МИНИСТР “БАЛАСТАНДА”

  • 21.01.2024
  • 0

 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Баткен облусунун иш сапарынын алкагында Лейлек райондук “Баластан” билим берүү, чыгармачылык борборунан кабар алды.

ЧЫГАРМАЧЫЛ БОРБОРЛОРГО КӨҢҮЛ БУРГАН МИНИСТР “БАЛАСТАНДА”

ЧЫГАРМАЧЫЛ БОРБОРЛОРГО КӨҢҮЛ БУРГАН МИНИСТР “БАЛАСТАНДА” ЧЫГАРМАЧЫЛ БОРБОРЛОРГО КӨҢҮЛ БУРГАН МИНИСТР “БАЛАСТАНДА”

Негизги максаты — мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын иш-тажрыйбасы менен жакындан таанышуу жана аларга колдоо көрсөтүү.

ЧЫГАРМАЧЫЛ БОРБОРЛОРГО КӨҢҮЛ БУРГАН МИНИСТР “БАЛАСТАНДА”

 

ЧЫГАРМАЧЫЛ БОРБОРЛОРГО КӨҢҮЛ БУРГАН МИНИСТР “БАЛАСТАНДА”

Министр Борбордун жалпы жамааты менен жолугуп, кыска аралыкта өз сунуштарын айтуу менен бирге суроолорго да жооп берди. Жарактан чыккан окуу корпустарын көрүп, жаңылоо керек экендигине токтолду.

ЧЫГАРМАЧЫЛ БОРБОРЛОРГО КӨҢҮЛ БУРГАН МИНИСТР “БАЛАСТАНДА”

ЧЫГАРМАЧЫЛ БОРБОРЛОРГО КӨҢҮЛ БУРГАН МИНИСТР “БАЛАСТАНДА”

Республикалык, эл аралык масштабда ийгиликтерди жараткан мугалимдер, окуучулар менен баарлашты, сабактарына катышты жана бул ийгиликтердин, мыкты иш-тажрыйбаны жайылтууну колго алуу боюнча көмөк көрсөтөрүн айтты.

ЧЫГАРМАЧЫЛ БОРБОРЛОРГО КӨҢҮЛ БУРГАН МИНИСТР “БАЛАСТАНДА”

— Республикалык “Жылдын мыкты мугалим — 2023” кароо-сынагынын жеңүүчүсү, “Артэстет” ийриминин мугалими Баходир Ишанкулов, республикалык “Усулдук кейс” сынагынын жеңүүчүсү “Информатика” ийриминин мугалими Чынара Маановалардын окуу каанасында класстык чеберчиликке катышты. Алардын ийгиликтеринин терең сырын иликтеди. Жакындан таанышты. Ошондой эле “Арууке” бий ийриминин сабактарынан фрагмент көрүп, жаш таланттардын жетишкендиктерине ыраазычылык билдирди. Иш сапардын соңунда, борбор жетекчиси Нургүл Түркбаевага жана эмгек жамааттын алгылыктуу иштери мактоого татыктуу экендигин айтып, республикадагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарына өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады,- дейт Жеңишбек Абдиназаров.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер