«ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ» ОНЛАЙН-СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 26.08.2020
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору “Чынгыз Айтматовду окуйбуз” аттуу өткөргөн онлайн-сынак жыйынтыкталды. Онлайн-сынак ушул жылдын балдардын эс алуусунда өттү. Сынакка 400 окуучу катышты.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директорунун орун басары Ира Балтабаеванын берген маалыматына таянсак, кубандырганы кызыккан окуучулар, мугалимдер өтө көп экен.

— Сынак бүткөндөн кийин деле видеолор келип түшүүдө. Кыргызстандын бардык региондорунан көптөгөн иштер келип түштү, балдар активдүү катышты. Өзгөчө активдүүлүгүн көрсөткөн: Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Чүй, Талас , Бишкек , Ош шаарларынын окуучулары болду. Бул сынак “2020 – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында өттү. Балдарды колдоо жылында, балдардын чыгармачылыгын, көркөм окууга көңүл буруу иретинде, китеп окууга кызыктыруу эң башкы максатыбыз болчу, — дейт И.Балтабаева.

Сынактын шарты боюнча улуу жазуучунун бир чыгармасын толук окуп бүтүү эле. Сынак үч номинацияда өттү.

  1. 8 жашка чейинки балдар “Ч.Айтматовдун бир чыгармасы боюнча сүрөт тартуу” номинациясы болду.

  2. 8 – 12 жашка чейинки окуучулар “Ч.Айтматовдун чыгармасы боюнча” бир эпизод көрсөтүп, монолог кылып айтып берүү болду.

  3. 12 жаштан жогорудагылар Ч.Айтматовдун бир чыгармасынын негизинде эссе жазышты.

Сүрөт номинациясында — сынактын шарты боюнча 8 жашка чейинкилердин иштери каралды. Башка жаш курактагы сүрөт тарткандар активдүү катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланышты.

8 жашка чейинкилердин арасынан:

1-орун: Муктаров Байзак – Бегалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучусу, Чүй облусу, Москва району

2-орун: Кенжалиева Айназик – №2 Р.Рысаков атындагы орто мектебинин окуучусу, Талас облусу, Талас шаары

2-орун: Дөөлөтбеков Амантай –Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району

2-орун: Токтогулова Гульзир — Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кажи-Сай айылы

3-орун: Уммаева Лилия – Чүй облусу, Токмок шаары, “Жылдыз” ансамблинин тарбиялануучусу

3-орун: Хамдамов Жамолдин — №47 мектептин окуучусу, Ош шаары

3-орун: Эгамбердиев Эдуард – Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кажи-Сай айылы

9 жаштан – 12 жашка чейинки окуучулар “Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча монолог жатка айтуу” номинациясында:

1-орун: Мамасалиева Айназик — Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, БЧУ

1-орун: Уланбекова Айсалкын – Боогачы орто мектебинин окуучусу, Нарын облусу, Ат-Башы району

1-орун: Алмазбекова Адинай – Эркинбаев атындагы орто мектебинин окуучусу, Ысык-Көл облусу, Тоң району

1-орун: Уманова Раяна — “Ак Шоола” хору, Бишкек шаары

1-орун: Жапаров Билал – Ленин атындагы орто мектебинин окуучусу, Баткен облусу, Лейлек району

1-орун: Жолдошбеков Элтен – Чүй облусу, Аламедин району

1-орун: Якубова Элина – Курманжан Датка орто мектебинин окуучусу, Ош облусу

1-орун: Айтбекова Айназ – Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу, Жалал-Абад облусу

1-орун: Каныбекова Айдана – Ош облусу, Ноокат району

1-орун: Мыктыбеков Адилет жана Жибек — «Ак –Шоола» хору, Бишкек шаары

1-орун: Сайдалиева Парчынай – Баткен облусу, Лейлек району

1-орун: Болотбекова Мээрим – «Ак –Шоола» хору, Бишкек шаары

2-орун: Батыралиева Бактыгүл – Осмонкулов атындагы жалпы билим берүүчү №2 мектебинин окуучусу, Жалал-Абад облусу

2-орун: Сагынбекова Айжамал – Айтматов атындагы №5 орто мектебинин окуучусу, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары

2-орун: Акумбеков Эрбол – “Ак-Шоола“ хору, Бишкек шаары

2-орун: Бекбоев Актан — “Ак-Шоола“ хору, Бишкек шаары

2-орун: Жаникаева Дагмара — №2 орто мектебинин окуучусу, Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары

2-орун: Осмонова Перизат — Ош облусу, Кара-Суу району

2-орун: Сапаралиева Асема – Жалал-Абад облусу

2-орун: Анарбекова Айчолпон — «Ак –Шоола» хору, Бишкек шаары,

2-орун: Русланов Эмин жана Эльхан — «Ак –Шоола» хору, Бишкек шаары

3-орун: Жумашев Бакберген – Боогачы орто мектебинин окуучусу, Нарын облусу

3-орун: Жарматова Элзина – Ош облусу, Ноокат району

3-орун: Жороев Максат — №118 орто мектебинин окуучусу, Ош облусу

3-орун: Каримова Гулиза — Баткен облусу, Баткен шаары

3-орун: Рыскулова Айтунук – Жалал-Абад облусу

3-орун: Табылдиев Байэл — Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары

3-орун: Уланбекова Айсара – Жалал-Абад облусу

3-орун: Эржигитов Руслан – №4 орто мектебинин окуучусу, Чүй облусу, Москва району

3-орун: Куттубекова Адеми — «Ак Шоола» хору, Бишкек шаары

3-орун: Кубанычбекова Касиет – «Ак-Шоола» хору, Бишкек шаары

3-орун: Жумалиева Айдай – «Ак Шоола» хору, Бишкек шаары

3-орун: Болушбеков Акжол — Гагарин атындагы №17 орто мектебинин окуучусу, Ош облусу

3-орун: Боронбаева Абаскан — «Ак Шоола» хору, Бишкек шаары

Мындан тышкары, улуу жазуучунун чыгармалары боюнча ата-энелери, үй-бүлө мүчөлөрү катышкан окуучулар “Үй-бүлө менен монолог айтуу” номинациясында каралды.

13 жаштан жогорку окуучулар “Ч.Айтматовдун чыгармалары” боюнча эссе жазышты.

1-орун: Мавлянкулова Айзирек – №11 орто мектебинин окуучусу, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району

1-орун: Кенжалиева Арууке – №2 орто мектебинин окуучусу, Талас облусу

1-орун: Баялиева Арууке – №7 орто мектебинин окуучусу, Жалал-Абад облусу

1-орун: Эркин к. Бурулай – Ю.Гагарин №17 атындагы мектеп-гимназиянын окуучусу, Ош шаары
1-орун: Акылбек к. Айпери – Баткен облусу

1-орун: Мухтарбек к. Мырзагүл – Ю.Гагарин №17 атындагы мектеп-гимназиянын окуучусу, Ош шаары

1-орун: Нурбеков Темирлан – №4 мектеп-гимназиянын окуучусу, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары

1-орун: Бейшембекова Баяна – Ак-Башат орто мектебинин окуучусу, Чүй облусу

1-орун: Камчыева Мээримгүл – №1 Токтогул орто мектебинин окуучусу, Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары

2-орун: Иличбекова Айгерим — №4 мектеп-гимназиянын окуучусу, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары

2-орун: Бапалиева Сейил – №7 Тойматов атындагы орто мектебинин окуучусу, Жалал-Абад облусу

2-орун: Акназарова Айзирек — №1 Токтогул орто мектебинин окуучусу, Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары

2-орун: Сатыбалдиева Айдана – Ю.Гагарин №17 атындагы мектеп-гимназиянын окуучусу, Ош шаары

2-орун: Асанова Күмүшай – Т.Бекиев атындагы орто мектебинин окуучусу

2-орун: Аманова Айсулуу – Алтын-Казык орто мектебинин окуучусу, Ош облусу, Ноокат району

2-орун: Алымкулов Аман – №24 мектеп-гимназиянын окуучусу, Бишкек шаары

2-орун: Ишенбекова Айдана — Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары

2-орун: Кабылбекова Айзада – Чүй облусу

3-орун: Абдыжапарова Айкөкүл — №4 мектеп-гимназиянын окуучусу, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары

3-орун: Шермат к.Седеп – Ой-Терскен орто мектебинин окуучусу, Нарын облусу

3 орун: Омуралиева Шербет — Алтын-Казык орто мектебинин окуучусу, Ош облусу, Ноокат району

— Катышуучулардын саны 400 окуучу болду. Калган окуучулар өзүлөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Бизди кубандырганы балдардын кызыгуусу бар экендиги, китеп окугандыктары. Улуу жазуучунун чыгармаларына окуучулардын жакшы мамилесин байкасак болот. Чыгармаларды кызыгуу менен окугандыктарын, кызыккандыктарын көрсөк болот. Бул онлайн-сынак Ч.Айтматовдун өлбөс-өчпөс чыгармалары жашай береерине шексиз экендиктерин көрсөттү. Окуучуларды даярдаган мугалимдердин эмгеги дагы баалап кеткибиз келет. “Монологдорду жатка айтуу номинациясында” окуучулар кадимки актерлордой даярданышыптыр, “Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча эссе жазууда” көптөгөн окуучлардын ой-толгоолору, азыркы турмуш менен айкалыштырып, көркөмдөлүп, терең ойлонуп жазгандыктарын байкаса болот. Катышуучулардын баарына терең ыраазычылык айткыбыз келет, — дейт Ира Балтабаева.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер