ЧҮЙ ОБЛУСУНА 100 ЖЫЛ
- 09.10.2026
- 0
Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 2026-жылдын 9-10-октябрь күндөрү бир катар салтанаттуу жана маданий-спортук иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.
Майрамдык программанын алкагында төмөнкү негизги иш-чаралар пландаштырылган:
9-октябрь:
Саат 18:00дө Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында маданият күйөрмандары үчүн эл аралык айтыш өтөт. Иш-чарага кирүү акысыз.
8–10-октябрь күндөрү «Кыялымдагы Кыргызстан: Чүй — 100 жыл» аттуу аймактык жаштар форуму өз ишин улантат.
10-октябрь:
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында маданий юбилейдин негизги салтанаттуу бөлүгү орун алат.
Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта майрамдык көргөзмө-жарманке уюштурулат.
Ошондой эле программанын алкагында улуттук ат оюндары жана ар кандай спорттук мелдештер өткөрүлөт.
Чүй облусунун кылымдык мааракеси аймактын тарыхый маанисин даңазалоо жана жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо багытында кеңири деңгээлде белгиленүүдө.
А.К., «КБ»