ЧҮЙ ОБЛУСУ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖАГЫНАН ЛИДЕР БОЛУШ КЕРЕК

  • 11.02.2020
  • 0

Чүй облусунда ири инвестициялык, туристтик жана социалдык-экономикалык долбоорлор жүзөгө ашырылышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Аблыгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылдын планы каралган коллегиясында билдирди.

Министрлер кабинетинин жетекчиси жакшы жетишкендиктер дагы, кемчиликтер дагы бар, негизинен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү орто экенин белгиледи.

«Чүй облусу мен үчүн өзгөчө аймак. Бул облусун, анын өзгөчөлүгүн жана анда жашап, иштеп жаткан элин жакшы билем. Аймактын социалдык-экономикалык чөйрөдөгү, маданият жана туризм багытындагы долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн климаттык шарты, инфраструктурасы жана географиялык жактан жайгашкан жери өтө ыңгайлуу. Менин оюм боюнча, Чүй облусу үчүн айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана туризм артыкчылыктуу багыт.  Туристтик ишмердүүлүктү колдоо боюнча насыялык линия ачуу пландалууда. Мындан тышкары асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана колдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Чүй облусу бардык багыт боюнча лидер болуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок, тилекке каршы, аймактын дараметин өнүктүрүү үчүн аракет жетишсиз жасалууда», — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчынын айтымында, учурдагы дараметине карабастан, Чүй облусунда болгону туристтердин 5% гана эс алат.

«Жергиликтүү бийлик туристтик жана башка багыттагы ишмердүүлүккө инвестиция тартуу боюнча иштерди активдештирүүсү керек. Белгилей кетүүчү жагдай, ички мигранттардын негизги агымы дал ушул Чүй облусунда жашап жатат. Айрым мигранттардын балдары кандайдыр бир шартта байланыштуу документи жок. Бул аларды социалдык жөлөк пул алуу жана мамлекеттик кызматарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууда.  Бул жыл балдарды колдоо жылы деп дагы саналат. Ошондуктан документтештирүү жана мамлекеттик социалдык жардамга муктаж балдарды аныктоо боюнча бардык маселелер чечилиши шарт.  Муну менен катар энелердин жана балдардын өлүмүн азайтууга көңүл бурулушу керек», — деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл финансылык жана аткаруу тартиби күчөтүлөрүн баса белгиледи.

Коллегияда Премьер-министр республикадагы аймактарды өнүктүрүү, салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу, мамлекеттик сатып алуулар системасындагы реформа, мамлекеттин чыгымдарын оптимизациялоо, социалдык тармакты колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу айтып берди.

Ал мамлекеттик финансылык институттар каржылай турган инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана жүзөгө ашырууда жергиликтүү бийлик ишкерликти колдоо боюнча иштерди активдештирүүнүн зарылдыгына токтолду.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер