Ч.АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

  • 14.04.2023
  • 0

Бүгүн, 14-апрелде Сейтек балдар борборунда Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата анын чыгармаларын чагылдырган концерттик иш-чара болуп өттү.

Ч.АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫИш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, билим берүү тармагынын эмгек сиңирген ишмери, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, Кыргыз ССРнин эл артисттери Дарыйка Жалгасынова жана Кайыргүл Сартбаева, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору Түмөнбай Колдошов ж.б. маданият өкүлдөрү, мектеп окуучулары жана мугалимдер катышты.
Ч.АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫКонцерттик иш-чараны Сейтек балдар борборунун “Дилгир” бий ансамблинин жетекчиси Гүлжамал Шамыралиева уюштурган.
— Бул театрлаштырылган концерттик иш-чараны залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата экинчи жолу уюштуруп жатабыз. Биздин максат албетте өсүп келе жаткан жаш муундарыбызга, балдарыбызга жазуучубуздун эмгектерин кененирээк таанытуу. Мектепте чыгармаларын окутуп эле койбостон ушундай иш-чаралар аркылуу чагылдырып көрсөтүп турсак балдарыбызга көбүрөөк пайдалуу болот деген ойдомун,-дейт.
Ч.АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Майрамдык маарекеде Искусство институтунун студенттери Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү чагылдырышса, “Дилгир” бий ансамбли бий аркылуу көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Концерттин жүрүшүндө Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча суроолор берилип, туура тапкандарга чакан белектер да тапшырылды.

Ч.АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ
— Бүгүн Сейтек балдар чыгармачылык борбору бий аркылуу улуу жазуучунун ой-толгоосун чагылдырып беришти десем болот. Иш-чара аябай жогорку деңгээлде болуп өттү. Уюштуруучуларга жана Сейтек балдар борборунун ишине ийгиликтерди каалайм, -деди Гүлнара Ибраимова.
Иш-чаранын соңунда Роза Айтматова сөз сүйлөп, уюштуруучуларга жана концерттик программаны мыкты деңгээлде аткарып берген жаш жеткинчектерге ийгиликтерди каалады.

— Бүгүнкү күн эң сонун болуп турат. Себеби залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов агамдын чыгармаларын театр жана бий аркылуу дагы бир жолу жүрөгүмө жеткирдиңер. Келечегиңер кең, өмүрүңөр узун болсун. Силер дагы кыргыздын атын ааламга тааныткан улуу инсандардан болгула,-деди.

Концерттин соңунда уюштуруучулар сыйлуу конокторго чакан белектерин тартуулап, эстеликке сүрөткө түшүштү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер