БРИТАНИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН МИССИЯСЫ МЕНЕН КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 25.04.2024
  • 0

24-апрелде Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик башкаруу тармагындагы кеңешчиси Мирза Джахани жана Улуу Британиянын Аддис-Абебадагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Севит Гетачу Деста менен кесиптик билим берүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулады.

БРИТАНИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН МИССИЯСЫ МЕНЕН КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Расул Абазбек уулу Кыргыз Республикасындагы 73 жогорку окуу жайдын 28и мамлекеттик экенин жана 6 жогорку окуу жай өзгөчө макамга ээ экендигин айтты.

“Өзгөчө макамдагы жогорку окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия берилген. Кыргыз Республикасы Улуу Британиянын университеттери менен тыгыз кызматташат. Алсак, Сассекс университетинде, Лондон экономика жана саясат таануу мектебинде билим алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы ыйгарылган студенттер бар”, — деди министрдин орун басары.

БРИТАНИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН МИССИЯСЫ МЕНЕН КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Мындан сырткары Расул Абазбек уулу башталгыч жана орто кесиптик билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташуулар тууралуу айтып, бул жаатта Улуу Британиянын дагы тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушууда тараптар башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү жаатында биргеликте долбоорлорду ишке ашырууну, кызматташуу багыттарын талкуулашты.

БРИТАНИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН МИССИЯСЫ МЕНЕН КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер