БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ: КИРҮҮ СЫНАКТАРЫ, ОКУТУУ ПРОГРАММАЛАРЫ

  • 16.06.2020
  • 0

БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ – гуманитардык илимдер тармагында америкалык билим берүү системасы боюнча окуткан аймактагы биринчи университет болуп саналат. БААУ бир канча жылдардан бери Кыргызстандын мыкты окуу жайы деп табылып келет жана Борбор Азиянын алдыңкы университеттеринин мыкты ондугуна кирет.

 

БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ: КИРҮҮ СЫНАКТАРЫ, ОКУТУУ ПРОГРАММАЛАРЫ

 

БААУда кирүү сынактары качан өткөрүлөт?

5-июлда өтчү соңку кирүү сынактарына каттоо башталды. Ага катышуу үчүн 30-июнь, саат 17:00гө чейин applyonline.auca.kg шилтемеси аркылуу каттоодон өтүү абзел.

БААУда окутуу кайсы адистиктер боюнча өткөрүлөт?

Биздин университетте бакалавриаттын төмөнкү багыттары боюнча билим алууга болот:

  • ​“Антропология, технология жана Эл аралык өнүктүрүү”;
  • ​“Геология”;
  • ​“Эркин искусстволор жана илимдер”;
  • ​“Европа таануу”;
  • ​“Журналистика”;
  • ​“Кино. Телевидение жана медиа искусстволор”;
  • ​“Эл аралык жана бизнес укук”;
  • ​“Эл аралык жана салыштырма саясат”;
  • ​“Колдонмо математика жана информатика»;
  • ​“Психология”;
  • ​“Программалык камсыздоону иштеп чыгуу”;
  • ​“Социология”;
  • ​“Бизнес башкаруу”;
  • ​“Экономика”.

Магистрдик программаларга төмөнкү адистиктер кирет:

  • ​“Антропология, урбанизм жана Эл аралык өнүктүрүү;
  • ​“Социология”;
  • ​“Бизнести башкаруу” (MBA);
  • ​“Экономика”;
  • ​“Борбор Азияны иликтөө”;
  • ​“Журналистика”;
  • ​“Педагогика”;
  • ​“Колдонмо психология”;
  • ​“Укук” (LL.M.)
  • ​“Таланттарды башкаруу жана уюмдарда адамдык потенциалды өнүктүрүү”.

БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ: КИРҮҮ СЫНАКТАРЫ, ОКУТУУ ПРОГРАММАЛАРЫ

 

Университетте окутуу негизинен англис тилинде алып барылып, насыя-сааттардын америкалык системасы колдонулат. Окутуучулардын штаты 200дөн ашуун англис тилдүү жогорку квалификацияланган профессорлор менен дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнөн келген илимдин магистри жана доктору даражаларына ээ окутуучулардан турат.

Окууга кабыл алуу кантип ишке ашырылат? Өтмө упайлары жөнүндө каяктан маалымат алса болот?

Бакалавриат программаларына окууга өтүү үчүн зарыл болгон минималдык өтмө упайлар жөнүндө бул жерден билип алсаңыз болот: https://auca.kg/en/auca_exams_scoring/.

Кирүү сынактарынан TOEFL же IELTS расмий сынактарынын жыйынтыктары бар болгон абитуриенттер бошотулат – алар англис тили боюнча тесттен бошотулушат; SAT же ACT plus writing – математика жана эсседен бошотулат.

Кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган соң окууга кабыл алуу арызынын формасын толтуруп, анын экинчи бетинде көрсөтүлгөн бардык зарыл документтер менен чогуу тапшыруу зарыл. Арыздын формасы www.auca.kgсайтынын “Окууга тапшыруучулар” бөлүмүндө жеткиликтүү. (https://auca.kg/uploads/Admission%20Sample%20Exams/AUCA_Admissions_Applications_2020.pdf).

Өлкөдө абал жакшыргыча окууга кабыл алуу арызы жана башка документтер [email protected] электрондук дареги аркылуу гана кабыл алынат.

БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ: КИРҮҮ СЫНАКТАРЫ, ОКУТУУ ПРОГРАММАЛАРЫ

 

Окууну аяктагандан кийин кандай дипломго ээ болом?

БААУ – гуманитардык илимдер тармагында америкалык билим берүү системасы боюнча окуткан аймактагы биринчи университет болуп саналат. Окутуу программалары Bard College менен өнөктөштүк макулдашууда АКШда аккредитацияланган. БААУнун бүтүрүүчүлөрү дароо 2 диплом алышат: кыргыз мамлекеттик үлгүсүндөгү жана АКШда аккредитацияланган диплом.

БААУда Студенттер үчүн кандай алмашуу программалары бар?

БАУУ дүйнөнүн 60тан ашуун Эл аралык университеттери менен эки тараптуу өнөктөштүк мамилеге ээ. Андыктан сиз өз кыялыңызды ишке ашыра аласыз – чет элдик ЖОЖдо билим ала аласыз. Биздин университет студенттер үчүн дүйнөнүн 24төн ашуун өлкөлөрүндө 50дөн ашуун алмашуу программаларын сунуштайт: Нью-Йорктон Берлинге, Сеулдан Санкт-Петербургга чейин.

БААУда билим алуу үчүн каржылык колдоо алууга болобу?

Студенттерге алардын материалдык абалын эске алуу менен, ошондой эле академиялык жетишкендиктери же чыгармачыл таланттары үчүн каржылык колдоо көрсөтүлөт (окууга арзандатуу). Бүгүнкү күндө БААУнун студенттеринин 84% жарым-жартылай же толук каржылык колдоо алышат.

Төмөнкү шарттарды аткаруу БААУда бакалавриат программалары боюнча акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк берет:

  • ​Жалпы республикалык тестирлөөнүн Алтын сертификатына ээ болуу
  • ​Англис тили боюнча Республикалык Олимпиадада I орунду камсыздоо
  • ​Кирүү сынактарында жогорку упайга жетишүү (“Антропология” жана “Социология” программалары үчүн гана)
  • ​БААУнун донорлорунун гранттык программалары
  • ​БААУнун жыл сайын өтүүчү Brain ring жана Stream сынактарында жеңип чыгуу

Каржылык колдоо жөнүндө кененирээк бул жерден билип алууга болот: https://auca.kg/ru/financial_

 

БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ: КИРҮҮ СЫНАКТАРЫ, ОКУТУУ ПРОГРАММАЛАРЫ

 

 

Best regards,

PR team

American University of Central Asia
7/6, Aaly Tokombayev St.
Bishkek, 720060
Kyrgyz Republic
Tel.: (996) 312 915000, ext. 243

Web: http://www.auca.kg/ 
Facebook: http://facebook.com/MyAUCA
Twitter: http://twitter.com/MyAUCA

 

Бөлүшүү

Комментарийлер