Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

  • 30.10.2023
  • 0

Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы, Боом капчыгайынын жол бөлүгүндө 30-октябрдан 3-ноябрга чейин кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Таш кулатуу иштери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер