ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕРДИН КЫЗМАТТАШТЫК КЕҢЕШИНИН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИНИН ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ

  • 10.11.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жетектеген кыргыз делегациясы ушул жылдын 4-ноябрында Стамбул шаарында болуп өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин билим берүү министрлеринин VI жолугушуусуна катышты.

Жолугушуунун алкагында Купешев Түрк Кеңешине кирген өлкөлөрдүн бүткүл түрк дүйнөсү үчүн гуманитардык жаатта кызматташуусунун маанилүүлүгү тууралуу сүйлөдү. Ал Эл аралык Түрк Академиясын түптөгөн өлкөлөр тарабынан иштелип чыккан «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» демилгесин, айрыкча андагы Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердеги билимди жана илимди өнүктүрүүнү өз ара колдоо тууралуу кеп болгон аспектте, өзгөчө баса белгиледи.

ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕРДИН КЫЗМАТТАШТЫК КЕҢЕШИНИН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИНИН ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ

Ошондой эле, министр түрк дүйнөсүнүн социалдык-маданий мурастарын сактоо жана жалпысынан инсанды калыптандыруу үчүн жакынкы келечекте билим берүү системаларын интеграциялоо менен түрк дүйнөсүнүн алдыңкы университеттеринин тарамын түзүүнү сунуштады.

Купешев сөзүн андан ары улантып, Кыргызстандын жалпы түрк кызматташтыгына кошкон салымын белгиледи. Анын айтымында, Ош шаарында өткөрүлгөн Түрк Кеңешинин жаш лидерлеринин III форуму жаш лидерлерге чөлкөмдүк өнүгүү жана жаштар саясаты жаатында тажрыйба алмашуу, кайсы маселелер ар бир өлкө үчүн да, бардык түрк мамлекеттери үчүн да актуалдуураак болуп саналарын түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берген. «Түрк тилдүү элдердин салттуу-руханий мурасынын сакталышы» деген жолугушуунун жалпы темасы Форумдун катышуучуларынын – Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын студенттеринин жана жаштарынын ортосунда социалдык, маалыматтык, билим берүүчүлүк жана волонтердук чөйрөлөрдө кызматташуу планын түзүүгө мүмкүндүк берген.

Сөзүнүн соңунда Б. Купешев түрк дүйнөсүнүн алкагында билим берүү жана илимий кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган билим берүү министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагындагы биргелешкен иштер өз жемишин берет деген ишеничин билдирди.

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер