БОЛОЧОК КУТКАРУУЧУЛАРДЫН МЕЛДЕШИ

  • 24.04.2025
  • 0

ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин, технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун Өзгөчө кырдаалдарда коргоо адистигинин студенттеринен түзүлгөн командалар ортосунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын окуу полигонунда мелдеш өткөрүлдү.

Аталган мелдеш болочок куткаруучуларды өз кесибин сүйүүгө жана кесипкөй адис болууга шыктандырды.

Иш-чара студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана алардын алдын-алуу, ошондой эле студенттердин кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлдү.

Иш-чараны уюштурууда жана студенттерди мелдешке даярдоодо ӨКМнин РӨКОнын кесипкөй адистери жардам беришти. Иш-чарага ТжЖП институнун жашоо-тиричилик коопсуздугу кафедрасынын жана ГТК геология, жаратылышты пайдалануу жана коопсуздук ПЦБнын профессордук-окутуучулук курамы жана аталган адистиктин студенттери активдүү катышты.

Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп Ош технологиялык университети “Атуулдук коргонуу” адистиги боюнча адистерди даярдай баштаган. Бүгүнкү күндө Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрү өз кесиби боюнча алыскы жана жакынкы коңшулаш мамлекеттерде үзүрлүү эмгектенип жатышат.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер