“БИЗ — XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ” ФОРУМУНА 200ДӨН АШУУН ДОЛБООР СУНУШТАЛДЫ

  • 25.04.2023
  • 0

24-28-апрель күндөрү Бишкекте мектеп окуучуларынын жана студенттердин “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык форуму өтүп жатат.

“БИЗ - XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ” ФОРУМУНА 200ДӨН АШУУН ДОЛБООР СУНУШТАЛДЫ

Форумга Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Казакстан жана Россия Федерациясынын жаш ойлоп табуучулары катышууда. 200дөн ашуун илимий жана ойлоп табуучулук долбоорлор, экспонаттар жана эксплуатациялык моделдер төмөнкү категориялар боюнча катышуу үчүн сунушталган:

  1. “Жаңы теориялык иштелмелер жана  моделдер”,
  2. “Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар”,
  3.  “Приборлор, радио жабдуулар жана  телекоммуникациялык системалар”,
  4. “Энергия жана энергия үнөмдөөчү технологиялар”,
  5. “Дубалга илинүүчү моделдер”,
  6. “Маалыматтык технологиялар жана программалоо” .

Аталган иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги жана “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан Кыргызстандын окуучу жана студенттеринин илимий-техникалык билимин жана чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн уюштурулган.  2023-жылдын апрель айында форум өзүнүн 25 жылдык мааракесин белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Биз — XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык форумунун жеңүүчүлөрүн мектеп окуучуларынын республикалык предметтик олимпиадаларынын жеңүүчүлөрүнө берилүүчү жеңилдик боюнча теңеди. Буга байланыштуу өлкөбүздүн жаш техниктери Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларына техникалык багыттар боюнча бюджеттик орундарга окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Долбоорлорду коргоо И. Раззаков атындагы КМТУда жүргүзүлөт:

25-апрелде саат 14.00 дөн 18.00 гө чейин,

26-апрелде саат 9.30 дан 16.30 га чейин,

27-апрелде саат 9.30 дан 11.00 гө чейин.

Бөлүшүү

Комментарийлер