«БИЗ – XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ» ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН КОНКУРСУ БАШТАЛДЫ

  • 01.07.2020
  • 0

2020-жылдын 1-июлунан 5-июль аралыгында өтүүчү «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоорлордун эл аралык конкурсу 22 жыл катары менен Кыргыз Республикасындагы эле эмес, КМШ өлкөлөрүндөгү жаш техниктер менен ойлоп табуучуларды да чогултуп келе жатат.

«Алтын түйүн» БРИТАнын басма сөз борборунун берген маалыматына таянсак, конкурс өткөрүлгөн жылдар аралыгында өлкөбүздөгү массалык жаштар кыймылы жана техникалык жактан шыктуу балдар үчүн майрам болуп калды! Дал ошол себептен, коронавирус пандемиясына карабай, конкурстун уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы – бул иш-чараны жаңы эксперименталдык форматта – bbb.rdita.kg платформасында онлайн долбоорлорду коргоо режиминде өткөрүүнү чечти. «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык конкурсу өлкөбүздүн окуучуларына Кыргызстандын алдыңкы жождорунун техникалык факультеттеринин бюджеттик бөлүмдөрүнө окууга тапшыруусуна мүмкүнчүлүк бере тургандыгын белгилей кетүү керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы №300 токтомуна ылайык, «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» конкурсунун жеңүүчүлөрү республикалык предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрү менен тең каралат.

Конкурска өлкөбүздүн окуучулары менен студенттери эле эмес, Россиядан (Москва ш., Казань ш., Ростов-на-Дону ш., Санкт-Петербург ш.), Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан келген жаш техниктер катышат. Конкурстук долбоорлорду коргоо кийинки номинациялар боюнча: «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер», «Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар», «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар», «Маалыматтык технологиялар жана программалоо», «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар», «Дубалга илинип коюлуучу моделдер боюнча конкурс» калыстар тобунун мүчөлөрүнүн алдында жактап берүү түрүндө өтөт.

Конкурска катышуу үчүн 185 изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоор, экспонат жана колдонуудагы моделдер келип түшкөн.

Номинациялар боюнча долбоорлорду жактоо 2020-жылдын 1-июлунан 4-июль аралыгында өтөт. Номинациянын ар бирине жуманын жүгүртмөсүнө ылайык өзүнүн күнү бөлүнөт. Коомдук жактоодо бул номинациянын бардык конкурсанттары жана бардык каалоочулар көрүүчү катары виртуалдуу түрдө катыша алат. Номинациялар боюнча долбоорлорду жактоо кезек боюнча өтөт, катышуучуга жактоого 5-7 мүнөт берилет. Жактагандан кийин бардык каалоочулар сүйлөп жаткан конкурсантка долбоордун темасы боюнча өзүнүн суроолорун жалпы чатта бере алышат, калыстар алардын арасынан кызыктуусун тандап алып, аны конкурсантка беришет. Судьялык коллегия ар бир номинация боюнча БРИТА «Алтын түйүндө» кеңешме кылат жана катышуучулардын долбоорлорду жактоо учурунда виртуалдуу түрдө катышат. Номинациялар боюнча судьялар коллегиясынын иши БРИТАнын YouTubeдагы каналында айкын убакытта көрсөтүлөт. Көрсөтүлүп жаткан учурда каналдын көрүүчүлөрү катышуучуларга өздөрүнүн суроолорун жалпы чатта бере алышат. Бардык номинациялар боюнча жакталгандан кийин 2020-жылдын 5-июлунда конкурстун жыйынтыгы жарыяланат. Жеңүүчүлөргө дипломдор менен баалуу байгелер, ошондой эле бардык катышуучуларга сертификаттар почта аркылуу жөнөтүлөт.

Конкурсту өткөрүүнүн жаңы формасы өлкөбүздүн таланттуу жаштарына бул окуу жылында иштеп чыккан долбоорлорун жактоого, жана виртуалдык конференцияларда катышуу тажрыйбасына ээ болууга мүмкүнчүлүк тартуулайт.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер