БИЗ БАРДЫК ТОБОКЕЛДИКТЕРДИН АЛДЫН АЛЫП, КОРОНАВИРУСКА БАЙЛАНЫШТУУ ЖАГДАЙДЫН КЕСЕПЕТИН КЫСКАРТУУГА ТИЙИШПИЗ

  • 04.03.2020
  • 0

Коронавирус инфекциясы чыкса, ата мекендик экономика үчүн белгилүү бир кесепеттерди алып келет, биз бардык тобокелдиктерди кыскартышыбыз керек.  Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча селектордук кеңешмеде билдирди.

«Биз бардык тобокелдиктердин алдын алуу жана азайтуу үчүн антикризистик иш-чаралар планын иштеп чыгышыбыз зарыл. Биздин товар жүгүртүүнүн бештен бир бөлүгү Кытай Эл Республикасына туура келерин эске алуу керек. Басымдуу бөлүгүн коңшу өлкөлөрдөн товарларды импорттоо түзөт. Ошондуктан биз кесепетин азайтуу үчүн эпидемиологиялык кырдаалдын бизнес чөйрөгө таасирине терең талдоо жүргүзүүбүз кажет. Бул үчүн альтернативдик рынокторду издөө иштерин күчөтүп, бизнести колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектеген антикризистик иш-чаралар боюнча штабдын иши эки негизги багыт боюнча жүрүшү абзел.

«Биринчиси – зарыл азык-түлүктөр менен тиешелүү көлөмдө камсыздоо маселеси. Ар дайым жакшыны ойлоп, бирок түрдүү жагдайларга даяр болуу керек. Биз азыктардын болгон камына талдоо жүргүзүп, кайсы товарды, кайдан, кандай баада жана канча мөөнөттө өлкөгө ташып келүүгө болору тууралуу так билишибиз керек. Экинчиси – Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө. Мындан тышкары чек араны жабуу аймактагы өнөр жай ишканаларынын, биринчи кезекте кытайлардын катышуусундагылардын ишине дагы таасир берет. Башкача айтканда, коронавируска байланыштуу жагдай бюджет жана экономика үчүн кандайдыр бир аныксыздыкты жаратууда. Ошондуктан айылдык кеңештердин, акимдердин жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн алдында мындай ар бир объекттеги абалды изилдөө, тигил же бул маселелерди чечүүнү ыкчам көтөрүү милдети турат. Убактылуу өлкөдөн кетишип, кайра жумуш ордуна келе албай калган Кытай жарандары иштеген объекттер бар. Жолдорду жана башка инфраструктуралык жана өнөр жай объекттеринин курулушу тууралуу сөз болуп жатат. Кыска мөөнөттө бул объекттерде ишти улантууну шарттаган чаралар иштелип чыгышы керек. Зарылдыгына жараша башка адистер тартылышы кажет», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өлкөнүн рынокторундагы абалды күн сайын изилдөө керектигине тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн бурдурду.

«Айрымдар түзүлгөн жагдайды колдонуп, кайсы бир азык-түлүктөрдүн, башка товарлардын баасын негизсиз көтөрүү менен пайда табууну көздөгөндөр болушу мүмкүн. Буга жол бербөө керек. Айыл чарба продукцияларын ташып чыгарууга көзөмөлдү күчөтүү зарыл, тигил же бул азыктардын тартыштыгы болбоого тийиш», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Тышкы иштер министрлигине элчиликтер менен иш алып барууну, мындан ары да кыргызстандыктарга аракеттешүүнү, ошондой эле жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү талдоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик чек аранын өткөрмө-көзөмөлдөө жайларында жана обсервацияларда нөөмөттө турган медициналык кызматкерлерге сый акы берүүнү караштыруу тапшырылды.

«Дүйнөлүк экономика үчүн белгилүү бир чакырыктары бар мындай жагдай биздин экономиканын кемчилдиктерин аныктоону шарттайт. Биз натыйжалуу биргелешкен ишибизди көрсөтүүгө тийишпиз», — деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле экономикалык жоготууларды азайтуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүнү активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр компетенттүү бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жол бербөө жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүү кесепеттерин четтетүү иштерин күчөтүүгө тийиштүү конкреттүү тапшырмаларды берди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер