“БИЗ АДАМ САТУУГА КАРШЫБЫЗ!”

  • 02.11.2018
  • 0

Ноокен районунун бардык мектептеринде “Биз адам сатууга каршыбыз!” ураанынын алкагында  башталгыч класстардын окуучуларына сүрөт, 5-7-класстардын окуучуларына дил баян сынактары өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды.

“БИЗ АДАМ САТУУГА КАРШЫБЫЗ!”

“БИЗ АДАМ САТУУГА КАРШЫБЫЗ!”

Ноокен рай КБКнын инспектору Т. Бакировдун берген маалыматына таянсак, атайын бекитилген графиктин негизинде №26 Т.Анаркулов, №40 Токтогул, № 21 Фуркат, №39 Зайниддинов, №20 Матмуса, №33 Д. Садырбаев, №32 Дүйшембиев, №18 Молдалиев, №19 Казаков, №16 Ж.Турусбеков, №17 “Кыла”, №14 Губкин, №15 Беки уулу Семетей атындагы орто  мектептеринде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жаштар иштери боюнча адистери, укук коргоо органдары, ата-энелер комитеттеринин катышуусунда  “Адамдарды сатууга каршы күрөшүү” иш-чаралары  өткөрүлдү. Аты аталган мектептердин окуучулары иш-чарага активдүү катышышты. Мындай иш-чара райондун калган мектептеринде да уланмакчы.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер