БИЙИКТИКТИ БИЛИМДҮҮЛӨР БАГЫНТАТ
- 19.10.2022
- 0
Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин география мугалимдери тарабынан «География предметинен медиасабаттуулукту өнүктүрүү»деген темада райондук семинар болуп өттү. Семинарга Райондук БББнүн окуу-методикалык каанасынын усулчусу, география мугалими М.Асанов, Алай районунун география мугалимдеринин секция жетекчиси Э.Абдиев жана райондун аймагынан келген география мугалимдери катышты.
Маалыматка ылайык, семинардын катышуучулары Т.Жумабаев атындагы орто мектебинин география мугалими Кадырбаева Жаңылайдын 8-класстагы «Кыргыз Республикасынын аймагынын жалпы орографиялык схемасы» деген темадагы ачык сабагына күбө болушту. Сабакта окуучулар активдүү катышып, мугалим сабакты көргөзмөлүү, алдыңкы усулдар менен өтүп, семинардык катышуучуларын кайдигер калтырган жок.
— Ак-Босого айылындагы А.Тукеев атындагы орто мектебинин география мугалими Абдыкадырова Курманжандын «Бийиктикти билимдүүлөр багынтат» деген темадагы интеллектуалдык таймаш сабагына да семинардын катышуучулары күбө болушту. Сабакка 11-класстын окуучулары катышып, өздөрүнүн географиялык терең билимдерин көрсөтө алышты. «География предметинен медиасабаттуулукту өнүктүрүү» деген темадагы Кадырбаева Жаңылайдын сабагы семинардын катышуучуларына кызыктуу болду. Жаңылай Кадырбаева республикабыздын география мугалимдерине усулдук жардам да берип, өзүнүн кесипкөй педагог экенин көрсөтүп келе жатат. Маданият орто мектебинин география мугалими Эргешбаев Асанбек агайдын «Эмне? Качан? Кайда?» деген темадагы класстан тышкаркы таймаш-сабагы өзгөчө, кызыктуу өтүлдү, — дейт билим берүүнүн мыктысы Эрали Абдиев.
Семинардын аягында ар бир сабакка, класстан тышкаркы иш-чараларга семинардын катышуучулары тарабынан анализдер берилди, сын-сунуштар айтылды.
Алай районунун география мугалимдери тарабынан ар бир окуу жылында эки жолу райондук деңгээлде семинар уюштурулуп турат. Кийинки семинар, буюрса окуу жылдын аягында Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө өтүлмөкчү.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер