БИШКЕКТЕГИ МУРАС-ОРДО КОНУШУНА СКВЕР КУРУЛАТ

  • 21.07.2023
  • 0

Бишкектеги Мурас-Ордо конушуна сквер куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады.

Сквер Мурас-Ордо көчөсү №19 дарегине курулат. Тендердин жалпы суммасы 48 млн 515 миң 625 сом.

Сквердин аймагында жайкы сахна, трибуна, балдар аянтчалары, альпинизм жабдуулары жана башкалар болот. Ошондой эле паркта сугат үчүн скважина бургуланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер