Бишкекте PECA долбоору жыйынтыкталды 

  • 25.06.2025
  • 0
Кечээ,  23-июнда Бишкек шаарында Борбор Азиядагы экономикалык өсүштүн секторлору үчүн кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча регионалдык PECA долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү.
Бишкекте PECA долбоору жыйынтыкталды 
Ага Борбор Азия мамлекеттеринин билим берүү министрликтери, кесиптик жана жогорку окуу жайлары, илимий чөйрө жана эл аралык өнөктөштөр катышты.
Саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин, жана долбоорду ишке ашырып жаткан GIZ (Германиянын эл аралык кызматташтык коому) өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.
Бишкекте PECA долбоору жыйынтыкталды 
Пленардык бөлүгүндө көп жылдык кызматташуунун жыйынтыктары чыгарылып, өлкөлөрдүн жетишкендиктери, регион аралык өз ара аракеттенүү, укуктук-ченемдик база жана практикага негизделген билим берүү маселелери талкууланды.
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Кыргызстандагы PECA долбоорунун негизги өнөктөштөрүнүн бири катары чоң ийгиликтерге жетишти. Университет кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдө, айрыкча, азык-түлүк технологиялары жана логистика багытында туруктуу өсүүнү көрсөтө алды.
Бишкекте PECA долбоору жыйынтыкталды 
Иш-чаранын экинчи жарымында катышуучулар КМТУга барып, тааныштыруу экскурсиясына катышышты.
Университеттин эл аралык байланыштар боюнча проректору Жыргал  Сыдыков катышуучуларга долбоордун алкагында жетишилген негизги жыйынтыктарды сунуштады:
Азык-түлүк технологиясы боюнча PhD программасынын жана докторантура мектебинин ачылышы;
Кесиптик окутуу боюнча магистратуранын аралыктан окутуу программасынын киргизилиши;
Логистика багыты боюнча бакалаврдык программа жана кооперативдик окутуу формаларынын иштелип чыгышы;
Беш билим берүү программасынын эл аралык аккредитациядан өтүшү;
Ташкенттеги химиялык-технологиялык институту менен чектеш билим берүү долбоорунун ишке ашырылышы;
Азык-түлүк өнөр жайына багытталган үч колдонмо илимий долбоордун аткарылышы;
Санариптик билим берүү ресурстарынын колдонулушу жана окутуучулар үчүн тренингдердин өткөрүлүшү;
Кыска мөөнөттүү курстар менен «Технолог» окуу-өндүрүш борборунун ачылышы.
Бөлүшүү

Комментарийлер