БИШКЕКТЕ ПАРА АРМРЕСТЛИНГТЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
- 05.04.2024
- 0
7-8-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда пара армрестлинг (кол күрөш) боюнча чоңдор жана жаштар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт.
Мелдешке ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген пара жана сурдо спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү салмактарда күч сынашат:
Жаштар арасында:
Балдар: 60, 70, 80, +80 кг;
Кыздар: 60, 70, +70 кг.
Көзү азиздер арасында:
Эркектер: 65, 80, +80 кг;
Кыз-келиндер: 65, +65 кг;
Пара спортчулар арасында:
Отуруп күч сынашуучулар:
Эркектер: 55 кг, 65, 75, +75 кг;
Кыз-келиндер: 65, +65 кг;
Туруп күч сынашуучулар:
Эркектер: 60, 70, 80, +80 кг;
Кыз-келиндер: 65, +65 кг.
Сурдо спортчулар арасында:
Эркектер: 60 кг, 70, 80, +80;
Кыз-келиндер: 60, 70, +70 кг.
Белгилей кетсек, 7-апрель күнү сол кол менен, ал эми 8-апрелде оң кол менен кол күрөш боюнча беттештер өтөт.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер