БИШКЕКТЕ МЕКТЕПТЕРДИН ЖАНЫНДАГЫ ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА ВИДЕОКАМЕРАЛАР ТЕКШЕРИЛЕТ
- 20.08.2026
- 0
Бишкекте жаңы окуу жылы башталар алдында мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар күчөтүлөт.

Бул тууралуу борбор калаанын мэриясында өткөн Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйынында айтылды.
Маалыматка ылайык, тиешелүү шаардык кызматтарга билим берүү мекемелеринин жанындагы жол белгилерин орнотуу жана жөө адамдар өтүүчү тилкелерди талапка ылайык белгилөө тапшырылды.
Мындан тышкары, мектептердеги шашылыш жардам чакыруу баскычтарынын иштөө абалы жана видеокамералардын орнотулушу текшерилет.
Бул чаралар жаңы окуу жылына даярдыктын алкагында кабыл алынып, окуучулардын жолдогу жана мектептеги коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Г.А., “КБ”