БИШКЕКТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-ТАТАР КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН АКТУАЛДУУ ЖАНА КЕЛЕЧЕКТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 18.11.2021
  • 0

Бүгүн, 18-ноябрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев менен Татарстан Республикасынын билим берүү жана илим министри Ильсур Хадиуллиндин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу жана келечектүү маселелерин талкуулашты. Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын ортосунда билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты арттыруу жана кеңейтүү үчүн бир катар маселелер бар экенин эске алып, Тараптар практикалык айдыңда биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Биргелешкен жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү аркылуу комплекстүү жана жигердүү иш жүргүзүү зарыл экенин билдиришти.

БИШКЕКТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-ТАТАР КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН АКТУАЛДУУ ЖАНА КЕЛЕЧЕКТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча алдын ала сүйлөшүүлөргө ылайык, Биргелешкен жол картасынын долбооруна төмөнкү маселелер киргизилет:

— Кыргыз Республикасынын тийиштүү башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын базаларында маалыматтык технологиялар, кен казуу, тигүү өнөр жайы, айыл чарба, туризм, полиграфия тармагында суроо-талап жараткан жана жаңы кесиптер боюнча жаш адистерди чогуу даярдоо үчүн биргелешкен ресурстук борборлорду түзүү;

— кийин-соңу бир тараптын да, экинчи тараптын дагы билим жөнүндөгү документтерин алуу үчүн биргелешкен окуу программаларын иштеп чыгуу жана биргелешкен илимий башкаруу практикасын өнүктүрүү;

— WorldSkills кыймылынын алкагында кесиптик билим берүү уюмдарын, кесиптик көндүмдөрдү жана компетенцияларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

— эки өлкөнүн билим берүү уюмдарын интеграциялоодо, окутууда жана окууда, ошондой эле билим берүү системасын жаңы технологиялар менен жабдууда өз ара тажрыйба алмашуу;

— диний чөйрөдөгү адистерди даярдоодо тажрыйба алмашуу ж.б.

Жолугушуу жылуу, достук маанайда, конструктивдүү атмосферада өттү.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер