БИШКЕККЕ БИЛИМ ОЛИМПИН БАГЫНДЫРГАНЫ КҮЧТҮҮ ОКУУЧУЛАР  КЕЛДИ

  • 22.03.2023
  • 0

22-мартта мектеп окуучуларынын олимпиадасынын  IV этабы (республикалык) Бишкек шаарында башталды.

БИШКЕККЕ БИЛИМ ОЛИМПИН БАГЫНДЫРГАНЫ КҮЧТҮҮ ОКУУЧУЛАР  КЕЛДИ

Олимпиаданын ачылыш аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде болуп, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты.

БИШКЕККЕ БИЛИМ ОЛИМПИН БАГЫНДЫРГАНЫ КҮЧТҮҮ ОКУУЧУЛАР  КЕЛДИ

Министрдин орун басары республикадан мыкты деп тандалган окуучуларды олимпиаданын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

— Силер буга чейинки бардык этаптарды ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы болуп тандалып келдиңер. Келечекте өлкөнүн желегин бийик көтөргөн мыкты инсандар болоруңарга ишеничибиз чоң, — деди Токтобүбү Ашымбаева.

БИШКЕККЕ БИЛИМ ОЛИМПИН БАГЫНДЫРГАНЫ КҮЧТҮҮ ОКУУЧУЛАР  КЕЛДИ

Олимпиаданын IV этабында (республикалык) облустук этапта алдыга озуп чыккан 325 окуучу он  предмет боюнча, т.а. окутуу кыргыз тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты; окутуу орус тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты; окутуу кыргыз тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты; окутуу орус тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты; англис тили; математика; информатика;  физика; химия; биология; география; тарых предметтери боюнча таймашууда.

Жылдагыдай эле олимпиадалык тапшырмаларды  Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору даярдаган.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер