БЫЙЫЛ 78 ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

  • 08.12.2023
  • 0

7-декабрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Бишкек шаарындагы №18 жана № 59 мектеп-гимназияларынын жаңы салынган кошумча имараттарын көрүү үчүн пресс-тур уюштурулду.

БЫЙЫЛ 78 ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

БЫЙЫЛ 78 ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Маалыматка ылайык, журналисттер  225 окуучуга ылайыкталган №18 мектеп-гимназиясынын кошумча салынган имаратын көрүп чыгышты. Кошумча имараттын курулушу 2019-жылы башталган, сметалык наркы 54 737,7 миң сомду түзөт, жалпы аянты — 1544,0 м2. Эки кабаттан турган имаратта окуучулардын билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган: окуу класстары, медициналык кабинет, кулинария кабинети, химия жана биология кабинеттерине жанаша лабораториялык класстар жайгашкан жана санитардык түйүндөр каралган. Жаңы корпуста биринчи сменде – 451, ал эми экинчи сменде 304 бала билим алууда.

Ал эми Бишкек шаарындагы № 59 мектеп-гимназиясында 2400дөн ашуун бала окуйт. Быйыл 150 орунга эсептелген, жалпы аянты 1072,6 м2, 2 кабаттуу заманбап талаптарга жооп берген кошумча корпустун курулушу жыйынтыкталган. Учурда жаңы курулган имаратта биринчи сменада – 180, ал эми экинчи сменде 220 бала билим алууда. Эски корпуста 1-6-класстардын окуучулары окуйт.

БЫЙЫЛ 78 ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башкы адиси Анара Калыкованын айтымында, Президенттин быйыл 100 мектеп курулат деген тапшырмасынын 50% жогору аткарылганын белгиледи.

— 2023-жылы республика боюнча 305 билим берүү мекемелерин куруу каралган. Анын ичинен 100 мектепти быйыл бүткөрүү тапшырмасы болгон. Буга чейин көп жылдар бүтпөй турган объектилер бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. 100 мектептин ичинен бүгүнкү күнгө 78 мектеп пайдаланууга берилди, — дейт башкы адис.

№18 мектептин директору Аймира Абжанбекованын айтымында, төрт жылдын ичинде балдардын саны көбөйүп, 60 жыл болгон эки кабаттуу имаратка окуучулар батпай, үч сменде окуганга туура келген.

— Мектепте кошумча сабак, ийримдер өтүлчү эмес, анткени кабинеттер жетишсиз эле. Быйыл кошумча имарат курулуп, 2023-жылы 1-сентябрда жаңы курулган корпус эксплуатацияга берилди. 20 класс комплект бар, азыр 5-11-класска чейин окуучулар эки сменде окушат. Мектеп абдан жылуу, бардык шарттар каралган, — деди мектеп жетекчиси.

Борбор калаадагы №59 мектептин директору. А.Сагымбаеванын айтуусуна караганда, мектептин отканасы дагы жаңырган.

— Газ менен жылыта турган отканага өттүк. Эски дагы, жаңы дагы корпус абдан жылуу, — деди жетекчи.

Ал эми пресс-турда чогуу жүргөн Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Рустам Кожоевдин айтуусунда, Чүй облусунда 12 мектеп курулушу аяктап калган.

— Быйылкы жылдын аягына чейин Бишкек шаарында дагы эки мектеп пайдаланууга берилет, — деди Р.Кожоев.

 Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер