БИШКЕК ШААРЫНДА 20 ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОБЪЕКТИСИ КУРУЛУУДА
- 22.06.2026
- 0
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектептердин иштери менен таанышты. Текшерүү иштери ушул жылдын башында курулушу башталган Октябрь жана Ленин райондорундагы жаңы мектептерде жүргүзүлүп, анда курулуштун сапаты, жумушчулардын саны, иштин жүрүү темпи, графиктин сакталышы жана колдонулуп жаткан материалдардын сапатына өзгөчө көңүл бурулду. Текшерүүгө алынган Ленин районундагы объекттердин катарында Алыкулов көчөсүндөгү №42 мектептин 385 орундуу жаңы корпусу,

Кашка-Баш айылындагы 750 орундуу,
Ак-Ордо конушундагы 750 орундуу жаңы мектептер,
Гагарин көчөсүндөгү №55 мектептин 1200 орундуу,
Жал кичи районундагы №72 мектептин 750 орундуу,
Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин 560 орундуу жаңы корпустары бар.
Ал эми Октябрь району боюнча Көк-Жар конушундагы №88 мектепке 500 орундуу,
№8 кичи районундагы №64 мектепке 800 орундуу,
Кара-Жыгач конушундагы №91 мектепке 750 орундуу жаңы корпустардын,
ошондой эле Түштүк пландоо зонасындагы,
Өскөн-Ордо конушундагы жана Көк-Жар айылындагы ар бири 750 орунга ылайыкталган жаңы мектептердин курулушу каралды.
Министр өз сөзүндө курулуш иштеринин сапаты жана белгиленген мөөнөттөрдүн так аткарылышы өзгөчө көзөмөлдө болорун белгилеп, айрым объектилерде курулуш темпи жай жүрүп жаткандыгы жана жумушчу күчүнүн жетишсиздиги боюнча подряддык уюмдарга эскертүүлөрдү берди, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча атайын мөөнөт койду. Жалпысынан алганда, бүгүнкү күндө Президенттин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен Курулуш министрлиги тарабынан 20 билим берүү объектиси ишке ашырылууда, алардын ичинен Октябрь районунда 6, Ленин районунда 6, Биринчи май районунда 5 жана Свердлов районунда 3 объект курулуп жатат.
Комментарийлер