БИРИНЧИ ЖОЛУ ВЕДОМСТВОЛУК СЫЙЛЫК САНАРИП ТАРТИПТЕ ЫЙГАРЫЛДЫ

  • 11.08.2026
  • 0

Назира Абдылдаева — Кант шаарындагы №1 Д.П. Зубков атындагы жалпы билим берүү мектебинин англис тили мугалими.

БИРИНЧИ ЖОЛУ ВЕДОМСТВОЛУК СЫЙЛЫК САНАРИП ТАРТИПТЕ ЫЙГАРЫЛДЫ

Быйыл Назира айым санариптештирилген тартипте ыйгарылган Агартуу министрлигинин Ардак грамотасын биринчилерден болуп алды. Сыйлыкка талапкер болуу үчүн ал «Мугалим» маалыматтык системасы аркылуу өзүнүн кесиптик жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды киргизген. Системада топтолгон упайлардын негизинде Назира Абдылдаева Ардак грамотага татыктуу болду.

Агартуу министрлиги билим берүү тармагындагы процесстерди санариптештирүүнү ырааттуу түрдө улантууда. Бул ачык-айкындуулукту камсыздап, мугалимдер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү тең жана жеткиликтүү кылууга өбөлгө түзөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер