БИРГЕ ТАРБИЯЛООГО АТА-ЭНЕЛЕРДИ ТАРТУУ – ТАРБИЯНЫН ЖАКШЫРЫШЫНА ӨБӨЛГӨ

  • 27.03.2019
  • 1

Мугалимдиктен тартып, класс жетекчи, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, социалдык педагог, директордук кызматтарды аркалап келатам. Үч жыл Ош мамлекеттик университетинин “Билим” лицейинин директору, 2016-жылдан бери Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинде директордук кызматында эмгектенип жаткан учурум.

БИРГЕ ТАРБИЯЛООГО АТА-ЭНЕЛЕРДИ ТАРТУУ –  ТАРБИЯНЫН ЖАКШЫРЫШЫНА ӨБӨЛГӨ

Бул жаңы түптөлгөн мектепке келгенде, уюштуруудан, мектептик системаны түзүүдөн, мугалимдик жамаатты топтоодон кыйналган жокмун. Анткени педагогдук тажрыйбам буга жетиштүү болчу. Менин кыйналганым ата-энелер менен иштешүү, ата-энелердин түшүнүгүнө мектепти, мугалимди колдоо, бирге тарбиялоо процессин ишке ашырууну жеткирүү болду. Күн сайын жок дегенде 5-6 ата-эне келип жаңжал чыгарып, өз талабын таңуулап, мугалимди акаарат кылып, баласына болушуп, мектепти сындап кетип жаткан учурлар болду. Айрымдары сүйлөшүүгө келип, айрымдары сөз укпаган тоң моюндугун көрсөтүшкөн. Түшүнүктүү ата-энелер да арбын эле. Ошол себептен менин эң негизги максаттарымдын бири — ата-энелерди мектеп турмушуна тартуу болчу. Бул максатты аздыр-көптүр аткарып, ийгиликке жетише алдык десем болот. Алардын айрымдары менен бөлүшүүнү туура деп эсептейм:

БИРГЕ ТАРБИЯЛООГО АТА-ЭНЕЛЕРДИ ТАРТУУ –  ТАРБИЯНЫН ЖАКШЫРЫШЫНА ӨБӨЛГӨ

  1. АТА-ЭНЕЛЕР АЙЫН ЖАРЫЯЛАДЫК: Ар бир жылы апрель айында “Окуучунун үй-бүлөсү менен таанышуу, ата-эне менен маектешүү” иш-чарасынын алкагында класс жетекчи ар бир окуучусунун үйүнө барып, үй-бүлөнүн жашоо шарты, балага түзүлгөн шарт, үй-бүлөдөгү моралдык климатты байкап, жок дегенде жарым саат ата-эне менен маектешип келишти. Атайын социалдык паспортторун толтурушуп, анкеталарына жооп алып, изилдөө жүргүзүштү. Мугалиминин келип кабар алганына ата-эне, окуучу жетине албай кубанып сыр бөлүшсө, айрымдары жаа бою качып, эшикти сыртынан бекитип кабыл алышкан жок. Канткен менен жакшы натыйжага жетиштик, баланы жакындан таанып, инсан катары калыптанышына салым кошууга жеңилдик түзүлдү. Ата-энелер менен байланыш күчөдү.
  2. КЛАСС ЖЕТЕКЧИЛИК ИНСТИТУТТУ КҮЧӨТТҮК: Негизинен класс жетекчилик ар бир мектепте бар. Бирок көпчүлүк учурда мугалимдигине кошулган коомдук кызмат катары эсептелет. Кийинчерээк мамлекет тарабынан 400 сомдун айланасында акча төлөнө баштады. Бул акчанын аз экендиги, жумуштун, жоопкерчиликтин көп экендигин көп кесиптештерим айтып келишет. Мына ушуну эске алып, эң алгач класс жетекчинин эмгек акысын мектептин өздүк эсебинен, ата-энелердин колдоосу менен көбөйтүп, күн бою класс менен иштөөсүн камсыздап, предмети боюнча саат жүктөмүн 8 сааттан ашырган жокпуз. Класс жетекчинин милдети — классы менен кошо бош убактысында ар бир сабакка катышуу, ар бир окуучунун билимине, жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүү. Предметтик мугалим менен окуучунун ортосунда көпүрө болуу. Жетишпеген сабактарынан кошумча ийримдерди уюштуруу. Классты мектептин коомдук иштерине тартып, балдардын ийгиликтерин ата-энелерге кабардар кылып туруу. Тарбиялык, класстык сааттарды өткөрүү. Ар күнү эртең менен сабакка чейинки жарым сааттык “Айлана” (балдар айлана түрүндө турушуп күнүмдүк тема боюнча өз ойлорун айтышат, ар бир баланы сүйлөткөнгө аракет жасалат) деп аталган саатты алып баруу. Күнүмдүк алган бааларын электрондук журналга түшүүсүн, электрондук күндөлүк аркылуу ата-энелерге жетүүсүн камсыздоо. Окуучулардын гигиеналык абалын, кийинүүсүн көзөмөлдөө. Эң негизги класстын ынтымагын чыңап, ар бир окуучунун психологиялык өзгөчөлүгүн билип, ошого жараша мамиле жасоо негизги милдеттеринен болуп саналат.
  3. ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИН УЮШТУРУУНУ МАКСАТ КЫЛДЫК: Окуучуларды окутуп, мектептин күнүмдүк турмушунан колубуз бошобосо да ар жуманын ишемби күнү энелер үчүн эки сааттык курс уюштурдук. Алгач 50 эне кабыл алынып, 25тен эки класска бөлүндү. Мектептин программасы боюнча жалпы 24 саат окушуп, жыйынтыгында сынак берип, сертификат алышат. Мектептин мугалимдери тарабынан коллективдүү иштешип, атайын программасы даярдалып, жадыбалы түзүлдү. Энелерге берилүүчү каражаттар даярдалды. Мисалы, 4-класстын энелери үчүн төмөндөгүдөй программа сунушталды:

1-тема: Баласы 4-класска барган эне эмнени билиш керек?

БИРГЕ ТАРБИЯЛООГО АТА-ЭНЕЛЕРДИ ТАРТУУ –  ТАРБИЯНЫН ЖАКШЫРЫШЫНА ӨБӨЛГӨ

Максаты: 4-класста окуган окуучулардын өзгөчөлүктөрү менен энелерди тааныштыруу; ата-энелердин жүрүм-турумунун стратегиясын аныктоо. 4-класстардын  окуучуларынын психикалык процесстерин интеллектуалдаштыруу жана  өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү. Билимге өздүк шыктандырууну калыптандыруу менен адекваттуу өзүн-өзү баалоо, өзүнүн окуу ишмердүүлүгүнүн өзгөрүлүшүн түшүнүп билүү. Баланын ички дүйнөсүндөгү өзгөрүлүштөрүн жана дүйнөгө болгон мамилесин түшүнүп билүү. 4-класстын окуучусунун эмоционалдык абалына таасир эте турган факторлор: сабактагы ийгиликтери, мугалимдер менен болгон мамилеси, теңтуштарынын өз  ара класстагы ишкердик жана жеке мамилелери, өз жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашыруу даражасынын системадагы орду. Социалдык карым-катнаштын жаңы башталышы. Балдардын организминдеги физиологиялык өзгөрүүлөрүнө жана алардын  дүйнөгө, өзүнө кабыл алуусуна таасир берет. Энелердин милдети — балдардын ички дүйнөсүндөгү байланышты сактоо, алар менен улуу дос жана насаатчы болуу.

БИРГЕ ТАРБИЯЛООГО АТА-ЭНЕЛЕРДИ ТАРТУУ –  ТАРБИЯНЫН ЖАКШЫРЫШЫНА ӨБӨЛГӨ

2-тема: Башталгыч класстарда окуган окуучулардын бош убактысын уюштуруу

Максаты: Балдардын бош убактысын жана энелер менен  бирге эс алуусун уюштуруу жана башка жолдорун анализдөө. Маанилүү ишмердүүлүгүн, максаттуу убактысын үнөмдөөнүн жолдорун уюштуруу, күн тартибин так аткаруу; маалымат берүүчү оюндарды түзүү, балага убакытты максаттуу жана пайдалуу өткөзгөнгө багыт берүү, балдарга максаттуу жана пайдалуу оюндарды жана сабактарды туура тандоого дем берүү; бала өзү  жакшы көргөн сабагына кызыгууга дем берүү, сыналгыны, магнитофонду жана башка техникаларды пайдалуу колдонуу. Ата-эне менен баланын чогуу дем алуусунун формалары: биргелешкен интеллектуалдык чыгармачылык менен эмгектенүү, спорттук ишмердүүлүк, биргелештирилген  кыймылдуу жана ролдоштурулган оюндар.

3-тема: Сыналгы жардамчыбы же душманбы?

Максаты: Балдарга сыналгынын позитивдүү жана негативдүү таасир берүүсүн аныктоо. Башталгыч класстарда окуган окуучулардын тарбиясына сыналгынын таасири. Балдарга сыналгыдан берилген телекөрсөтүүлөрдү көрүүгө туура тандоого багыт берүү. Балдар менен чогуу сыналгы көрүү жана аны талкуулоо, балдарды жакшы тарбиялаганга жана аны менен тыгыз байланышта болууга көмөк берет.

4-тема: Баланын курдаштары менен болгон мамилеси

Максаты: Баланын жашоосуна коллективдин ролу  жөнүндө түшүнүк берүү. Баланын  коллективи жана анын маанилүүлүгү. Баланын коллективде  өзүн-өзү сезүүсү: кыз, бала. Баланын өзүн-өзү таануусу жана өз алдынчалуулугун ишке ашыруусу  зарыл. Референттүү топту изилдөө. Лидерликтеги кыйынчылыктар менен болгон мамилесин оңдоого  кантип жардам берүү  керек? (баланын курбулары менен болгон мамилесине көз салуу; бала менен курбуларына биргелешкен оюндарды уюштуруу. Баланы тарбиялоодо  болгон көйгөйлүү суроолорду мугалим менен талкуулоо).

5-тема: Башталгыч класстын окуучусу менен чоңдордун диалогу дүйнө таануу жөндөмдүүлүгүнө жана өзүн-өзү түшүнүүгө алып келет

Максаты:  Башталгыч  класстагы окуучу менен  диалог уюштурууну ата-энелер коллективине  сунуш кылуу. Үй-бүлөдөгү педагогикалык диалог. Диалог жана маектешүү баланын ой жүгүртүүсүн, дүйнөнү, адамдарды  түшүнүүгө жана  өзүн-өзү  түшүнүүгө алып келет.

6-тема: Балдардын окуу үчүн өз алдынчалыгын өнүктүрүүнү андан ары маанилүүлүгү

Максаты: Окуучулардын өз алдынчалыгын баалоого өнүктүрүү; балдарды өз алдынчалуулукка өнүктүрүү боюнча ата-энелерге сунуштарды берүү. Баланын өз алдынчалык инсандык сапаты. Өз алдынчалуулуктун критерийлери жана көрсөткүчтөрү. Кенже курактагы балдарды тарбиялоодо өз алдынчалуулугуна ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө учурунда келип чыккан оптималдуу чечимдин терс таасири. Бул курактагы балдардын өз алдынчалыгын тарбиялоонун жолдору, ыкмалары, каражаттары, жамааттык формаларын уюштурууда машыгууларды пайдалануу жана мектепте башталгыч класстарда балдарды эмгекке өз алдынчалуулугун  өнүктүрүү.

7-тема: “Кош бол, башталгыч класс!”

Максаты: Башталгыч класста окутуунун жыйынтыктарын чыгаруу. Өткөрүүнүн түрү: окуучулар жана ата-энелер менен биргелешип жүргүзүлгөн  оозеки журналы, методикалык көрсөтмөлөр. Ата-энелер менен жылына бир жолу өткөрүлгөн үй-бүлөлүк тажрыйбаны презентациялоо, жетишкен үй-бүлөдөгү балдарды тарбиялоодогу тажрыйбасы сунушталат.

БИРГЕ ТАРБИЯЛООГО АТА-ЭНЕЛЕРДИ ТАРТУУ –  ТАРБИЯНЫН ЖАКШЫРЫШЫНА ӨБӨЛГӨ

  1. “АТА ЖАНА МЕКТЕП” СЕМИНАР-ТРЕНИНГИН УЮШТУРУУ: Мектеп турмушуна ар дайым энелер гана катышат. Аталарды айрым учурларда эле көрүүгө болот. Мына ошол кенемтени жоюу, бала тарбиясына болгон атанын жоопкерчилигин сездирүү максатында “Ата жана мектеп” деген аталыштагы жети темадан турган семинар-тренингди өткөрүүн максат кылдык. Ал үчүн атайын мугалимдерден тренерлерди даярдап жатабыз. Семинар-тренинг үчүн жумушчу дептер да даяр болду. Каалоочу аталардан турган, 7-8 адамдан түзүлгөн тайпалар болот. Семинар-тренинг төмөндөгүдөй темаларды камтыйт: “Мен — атамын”;  “Менин үй-бүлөм”; “Атанын укуктары жана милдеттери”; “Дени сак бала”; “Менин балам бой жетүүдө”; “Бала менен маектешүү”; “Баланын укуктары жана ата”.
  2. АТА-ЭНЕЛЕРДИН КИТЕП ОКУУ КОНКУРСУН УЮШТУРДУК: Мектептин “Бирге тарбиялайбыз!” долбоорунун алкагында китеп окуу конкурсу уюштурулду. Жалпы 450дөн ашуун ата-эне XVIII кылымда жашаган Сальзман Кристиан Готтхилфтин “Балага жаман тарбия берүүнүн жолдору” (котормочулар: Мамбетасан Ибраев, Толкунбек Арсен уулу, Тойчубек Сагындыков) деген сарказм, какшык усулу менен жазылган китепти окушту. Бир ай аралыгында окуп, 2-март күнү конкурс жыйынтыкталды. Китептин негизинде сынак тапшырууга 100дөн ашуун ата-эне катышып, жыйынтыгы электрондук негизде, атайын программа менен чыгарылды. Атайын иш-чара уюштурулуп, ата-энелер китеп боюнча, баланы тарбиялоо тууралуу өз пикирлерин бөлүшүп, жеңүүчүлөр мектептин дипломдору, китептер топтому менен сыйланышты. Биз максат кылган иш-чара ата-энелерди да, мугалимдер жамаатын да, жетекчи катары мени да кубандырды. Натыйжасын ата-энелердин көз карашынан, сүйлөгөн сөздөрүнөн байкап турдук. Мындан ары да бул саамалыкты улантып турууну колго алабыз.

Урматтуу кесиптештер! Бул бирге тарбиялоого ата-энелерди тартууга айрым гана сунуштар, биздин тажрыйбабыздын бир бөлүгү. Мындай иш-чараларды, программаларды тынымсыз жаратып, ата-энелерди ойготуунун, тарбиялоонун үлгүлөрүн жарата берсек болот!

Кыялбек Акматов,

педагогика илимдеринин кандидаты, доцент,

“Жетиген” мектеп-лицейинин директору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

Минура / 07.04.2020 14:22
Мен сиздердин ишиниздерди баалаймын.Мугалим момолу дарак дегендей .....Балдар биздин келечегибиз Кудай буюрса мыкты Уул-кыздардан болуп Кыргызстанга салым кошот .Жетиген Мектепте кызымын досу окуйт 2кл Аруузат Менин Кызым айылда окуйт ,Сиздерге БЕРГЕНГЕ Шартым жок озум озум болсо????!!!.....Кудай буюрса Кызым жакшы талим тарбия алат деп ишенем