БИЛИМ МЕНЕН БИЙИКТИККЕ УМТУЛГАН АСМАН

  • 08.04.2025
  • 0

23 жаштагы Асман Жумабаев Москвадагы алдыңкы окуу жайлардын бири — Россия финансылык университетин кызыл диплом менен аяктап, тайпалаштарынын арасынан жалгыз артыкчылык менен окуусун аяктаган студент болуп табылган. Ал өзгөчө адам болуп төрөлгөнүнө карабай,  учурда россиялык мекемелердин биринде кесиби боюнча аудитор болуп эмгектенүүдө.

БИЛИМ МЕНЕН БИЙИКТИККЕ УМТУЛГАН АСМАН

Асман Жумабаев аталган окуу жайдын бухучёт анализи жана аудит факультетинде билим алган. Анын айтымында, бул университеттин артыкчылыгы — онлайн окуу жакшы жолго коюлгандыгында. Окуу жайда Маями, Швейцария, Өзбекстан, Германиянын жарандары окугандыктан, экзамендерди 24 саттын ичинде тапшырууга уруксат берилет. Онлайн окууга стипендия бөлүнбөгөндүктөн, билим алуу контракттык негизде жүргүзүлөт. Дипломдук иш, реферат болобу, баарын өз күчү менен жазып, тайпалаштарынын арасынан кызыл дипломго ээ болгон жалгыз студент аталган.  “Бир эле билим менен токтоп калуу азыркы замандын талабына жооп бербейт. Билимдүүлөрдүн мезгили” деген бүтүрүүчү магистратурага тапшырып, билимин дагы да тереңдетүүнү пландоодо.

Ал кичинекей кезинен бери СМА оорусу менен жабыркайт. Асмандын апасынын айтуусунда, төрөлгөндө ден соолугунда маселе болгон эмес.  Бирок бир жаштан өткөндө баспаганда бир нерсени сезгендей коңгуроо кагып, ооруканаларга алып бара баштаган.  Тилекке каршы, дарыгерлер экинчи типтеги «спинальная-мышечная атрофия» деген диагноз коюшкан. Уулунун оорусу тууралуу уккан апасы ар кайсы ооруканаларга, реабилитациялык борборлорго алып барып, кыргызча ырым-жырымдарды да жасатып көргөн. Тилекке каршы, эч бири натыйжа бербей, биринчи эле диагнозу тастыкталган. Ошондо дартына даба издеп Москвага жол тартышкан.  

  • Мен бактылуу балалыкта чоңойдум десем жаңылышпайм. Себеби апам мени кадимки балдарга, коомго аралаштырып өстүрдү. Оюнчуктардын жаңысы түрү менен менде болчу. Атүгүл, кошуна балдарды үйгө киргизип, оюнчуктарды жайып берип коёр эле. Ошондонбу, өзгөчө бала экеним такыр  билинген эмес. Сейил бак, жаңы чыккан оюн-зоок программаларынан калчу эмесмин. Апам мени эч жерден калтырган жок, каалаганымды орундаткан “феям” болчу. Ошол учурда апам орустардын «Здоровье» деген телекөрсөтүүсүн көп көрчү экен. Мындан улам Москвага барса эле мен айыгып кетчүдөй болгон окшойт, экөөбүз Москваны көздөй бет алганбыз, — деп эскерет Асман.

БИЛИМ МЕНЕН БИЙИКТИККЕ УМТУЛГАН АСМАН

Билимге жасалган инвестиция

Асман Жумабаев мектеп жашына жеткенче өзүнүн өзгөчө бала экендигин такыр сезген эмес.  Качан гана өзү теңдүү балдар мектепке бара баштаганда,  баспаганын айынан алар менен чогуу окубарын, өзгөчө бала экендигин түшүнгөн. Бирок ага чейин деле апасы балдардан кем калтырбай, жеке менчик мектепке чейин билим берүү уюмдарына алып барып, кадимки балдарга кошуп окутуп жүргөн. Ошентип мектепке барчу убагы келгенде да медицина кызматкерлеринин атайын мектепте окусун деген корутундусуна карабай, кадимки мектепти үйдө окуткан. Апасы ага билим алуу маанилүү экендигин, билимдүү адам жашоодо көп кыйналбастыгын көп айткандыктан, окууга чоң жоопкерчилик менен  мамиле жасачу. Ошентип, апасынын күчү, өзүнүн аракети менен мектепти жалан «5» деген баага окуп, кызыл аттестат менен аяктаган.

  • Күнүнө эки сааттан окучумун, эсимде, апам кодидордон кетпей мени күтүп отурчу. Чынында, мугалимдер отуз балага сабак өтүп жаткандай сүйлөп, сабак өтүшчү. Ар кандай мугалимдер келет. Апам алардын талаптарын аткарып, кабак-кашына карап окутту. Колунан келген шартын түзүп берип, окууга каралган убакытымды уурдабайын деген ойдо мугалимдер менен ашыкча сүйлөшчү да эмес. Жалаң эжей мугалимдер сабак беришчү да, анан бир күнү физика сабагынан агай келгенде абдан сүйүнүп, туугандарыбызга чейин айтып чыкканым эсимден кетпейт, — деп эскерет. Ошондой эле аны мугалимдери, классташтары да колдоп турганын, мектептеги ар кандай иш-чараларга катышып, классташтарым менен тыгыз байланышта болгонун кошумчалады.

Ал учурдагы жумуш орду — Русс аудит компаниясына практика өтөп жатканда эле кабыл алынган.  Себеби аз убакытта эле өзүнүн чеберчилигин, билимин көрсөтө алган. Айтымында, башында окуу менен жумушту айкалыштыруу ага бир топ эле кыйын болгон. Себеби, бир чети окуу жүктөмүнүн көптүгү болсо, экинчиси, ден соолугуна байланыштуу көп отура албайт. Окуусу аяктагандан кийин бул жүк бир топ жеңилдеген. Азыр онлайн иштейт. Ошентсе да кадимки адамдардын ишин аткаруу физикалык жактан оор.  Булчуңдары алсыз болгонго калемсап кармаганда колдору бат чарчайт. Бирок, анын жеңилин желден, оорун колдоп алып, дайыма жылуу сөзү менен дем берип турган апасы дайым жанында.

  • Апам – менин бактым. Кичинекей кезимден биринчи айлыгыма апама iPad алып берүүнү кыялданчумун. Ал тилегим орундалды. Айлыгымды алганда апама сюрприз жасап өзүмчө бир ырахат алдым, көңүлүн көтөргөнүмө кубандым. Апама да сюрпризим күтүүсүз болуп, көзүнө жаш ала кубанды, — деген Асман Жумабаев апасы, Ата мекени үчүн жасоочу иштери дагы да алдыга экендигин, ийгиликтерди багындыруу үчүн билим алып турууну адатка айландыруу керектигин айтат.

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”  

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер