БИЛИМДИ ТУРМУШТА КОЛДОНУУГА ҮЙРӨТКӨН ОКУУ КИТЕПТЕРИ ДАЯРДАЛУУДА
- 27.08.2026
- 0
25-августта Smart-Ed долбоорунун алкагында 7–9-класстар үчүн кыргыз тили жана география сабактары боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) иштеп чыгууга арналган үч күндүк жыйынтыктоочу тренинг башталды.
Иш-чарага «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин жумушчу топ мүчөлөрү, авторлор, методисттер, редакторлор, предметтик эксперттер жана компетенттүүлүккө багытталган окутуу боюнча адистер катышууда.
Тренингдин алгачкы күнүндө катышуучулар окуу-методикалык комплекстерди функционалдык талдоону өркүндөтүү жана жаңы ОМКларды иштеп чыгуунун методикалык негиздерин тактоо маселелерине токтолушту. Анда Кембридж университетинин адистеринин сунуштары каралып, жаңы окуу материалдарын түзүүнүн принциптери талкууланды. 
Ал эми экинчи күнү жумушчу топтун мүчөлөрү даярдалган автордук бөлүмдөрдү эксперттик жана өз ара карап чыгууга өзгөчө көңүл буруп, күтүлгөн окуу натыйжалары менен компетенциялардын байланышын, окуучунун ишмердигин, тапшырмалардын мазмунун жана баалоо критерийлерин талдап чыгышты.
Бул иштин негизги максаты — окуучуга жөн гана маалымат берип, аны жаттатуу эмес, алган билимин практикада колдонууга, талдоого, изилдөөгө, өз оюн негиздөөгө жана команда менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берген окуу материалдарын түзүү. 
Ошондой эле, заманбап талаптарга ылайык, окуу куралдарын иштеп чыгууда инклюзивдүүлүк, гендердик сезимталдык, климаттык күн тартиби жана улуттук контекстке өзгөчө басым жасалууда. Адистердин белгилөөсүндө, жаңы ОМК — бул жаңы китеп гана эмес, окуучунун ой жүгүртүүсүн, изилдөө жөндөмүн жана практикалык компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган билим берүүдөгү жаңы мамиле болуп саналат.
А.К., «КБ»
Комментарийлер