БИЛИМ ТАЙМАШЫНДА МУЗЫКА МУГАЛИМДЕРИ ЖАНА УСУЛЧУЛАР
- 23.09.2025
- 0
Бишкек шаарындагы №59 “Баластан” бала бакчасында “Жылдын мыкты тарбиячысы-2025” конкурсу уланууда. Талапкерлер төрт номинация боюнча видео презентацияларды жана мастер класстарды өтүп жатышат. Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Индира Токонова конкурс үч турда өтүп жатканын, бардык турлардын конкурстук иш-чаралары беттешүү форматында экендигин белгиледи. Уюштуруу комитети конкурсанттардын чыгуу тартибин чүчүкулак аркылуу аныктаган.
— Катышуучулар тесттик сыноодо өтүү менен “Педагогикалык кырдаалдар” тапшырмаларын аткарышып, кесиптик ишинин тажрыйбасын, анын ичинде ата-энелер менен иштөө тажрыйбасын баяндап, портфолиону камтыган өзү жөнүндө 10 слайдга чейинки видеопрезентациясын көрсөтүшөт. Анда резюме, алган сыйлыктары, сертификаттары, балдар, ата-энелер менен өткөрүлгөн иш-чаралардын артефакттары болушу шарт. Андан кийин санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-класс көрсөтүшөт. Ар бир тапшырмасы упайлар менен бааланып, жыйынтыгы чыгарылат. Видео презентация маалымат менен тааныштыруу маданияты, инновациялык технологияларды колдонуу боюнча упай алышат, — дейт И.Токонова.
Анын айтымында, кийинки тапшырмалар да жогоруда белгиленген тартипте өтөт, тагыраак айтканда, мастер-класс өтүүчү катышуучу практикалык тажрыйбасынын фрагментин көрсөтөт. Мында анын билим берүү иштерин уюштуруу боюнча практикалык тажрыйбасы, балдар менен иштөөнүн ар кандай формалары бааланат. Методисттин методикалык ишинин практикалык тажрыйбасы педагогдор менен иштөөнүн ар кандай формалары менен берилиши мүмкүн. Баалоо критерийлери: биринчиден, методикалык компетенттүүлүгү, формасы, мазмуну, методдору жана ыкмалары балдардын жаш курагына ылайык келиши каралат. Тандалган мазмунга жана иштин түрүнө балдардын тобун кызыктыра билүүсү, ачык көрсөтүүнү уюштуруунун жана мазмунун тандоонун оригиналдуулугу белгиленет. Талапкер уюшкан иш-аракеттердин жүрүшүндө балдардын кызыгуусун сактай билиши абзел. Ал балдар тобунун өз ара аракеттенүүсүн-кызматташтыгын уюштурушу керек. Иштин жүрүшүндө балдардын активдүүлүгүн жана демилгелүүлүгүн эсепке алуу жана колдоо жалпы маданияты, т.а. баарлашуу маданияты бааланат. Ар бир критерий 10 упайга чейин бааланат.
Бусалаева Елена Александровна Бишкек шаарындагы Свердлов районуна караштуу №13 “Тумар” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тарбиячы болуп иштейт. Кыргыз тилинде суудай сүйлөгөн Елена Александровна борбор калаабыздын намысын коргоп жаткан төрт тарбиячынын бири. Ал конкурстун тартибине ылайык, атаандаштары менен бирге бүгүн “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” номинациясы боюнча өз күчүн сынады.

— Бүгүнкү конкурс биз үчүн эң маанилүү дата — 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө дал келгени мен үчүн өзгөчө мааниге ээ болду. Менин жеке баамымда конкурс жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Бүгүн методисттер жана музыка мугалимдери күч сынашууда. Мен “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” номинациясында катышуудамын. Конкурс үч тур менен өтүп жатат: презентация, тестирлөө жана мастер-класс өтүү. Мен сыйкырлуу музыкалык аспаптар темасында сабак өткөрдүм. Сабак учурунда балдар музыкалык куралдардын сыйкырдуу дүйнөсүнө аралашып, чыгармачылыкка шыктанышып, жаркын таасирлерге ээ болушту. Баардык кесиптештеримди бүгүнкү майрамыбыз менен куттуктайм жана баарына иштериндеги ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакытты каалайм, — дейт Елена Бусалаева.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер