БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИР КҮНДҮК ЭМГЕК АКЫСЫН КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН КОТОРУШАТ

  • 24.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери коронавируска каршы күрөшүү үчүн бир күндүк эмгек акысын которушат.

Билим берүү жана илим министрлигинин бүгүнкү аппараттык жыйынында министр Каныбек Исаков коронавирустун жайылышына жол бербөө максатындагы иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсепке министрликтин кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысын которуп берүү боюнча сунуш берип, министрликтин жамааты тарабынан колдоого алынды.

Ошондой эле педагогдор жамааты медициналык кызматкерлердин каармандык менен жүргүзүп жаткан эмгектерин моралдык жана материалдык жактан колдоого алаарын билдиришти.

Кыргызстандагы жогорку жана атайын орто окуу жайлары бул илдетти алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чараларды иштеп жатат жана атайын эсепке салым кошуу боюнча өз демилгелерин көрсөтүшүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстан эли бул илдетти сабырдуулук, ынтымак, биримдик менен жеңээрине ишенип, дарыгерлердин күн-түн билбеген эмгегин жогору баалап, аларга атуулдук тилектештигин билдиришет.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер