БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ВИДЕОСАБАКТАРДЫ ТАРТУУНУ УЛАНТЫП ЖАТАТ
- 30.03.2020
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга даярдыкты улантууда.
Азыр базалык окуу планына, календардык-тематикалык планга жана окуу программаларына ылайык, сабактардын жадыбалы түзүлгөн. Ага негизинде 4-чейректин сабактары Бишкектеги 9 студияда жана Ош шаарында «ЭлТР» каналынын базасында тартылууда.
Видеосабактар 200дөн ашык мугалимдин катышуусунда кыргыз жана орус тилинде жазылып жатат.
Белгилей кетсек, 8-апрелден тарта IV чейректин сабактарын “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида», «5-каналдарынан» эфирге берилет.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер