БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН ДИСТАНТТЫК ОКУТУУНУ УЮШТУРАТ

  • 17.03.2020
  • 0

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарына мөөнөтүнөн мурда каникул берилгендигине байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги окутуунун дистанттык түрү уюштурулуп жатат. Алар: онлайн сабактар, окутуу телеберүүлөрү, окуу жана адабият китептери, маалыматтык технологиялар жана электрондук ресурстарды колдонуунун башка түрлөрү.

Окуучулар үчүн министрликке караштуу https://lib.kg/lib/school/ сайтында ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдары жайгаштырылган. Бул окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн.

Ошондой эле окуучулар жана ата-энелер ведомство тарабынан даярдалган iBilim (башталгыч класстар үчүн) жана Билим Булагы мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды — http://ibilim.kg/kyr/index.html  http://bb.edu.gov.kg/index.php.

Мынданы сырткары каникул мезгилин натыйжалуу колдонуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги KSMS-Кыргыз-Швед математикалык мектеби менен өнөктөштүктө мектептер менен окуучулардын онлайн аракеттенүүсү боюнча баштапкы форманы киргизип жатат. Онлайн ресурстарды колдонуу менен окуучулар окуу программасынан узак мөөнөткө алыстап кетпейт жана календардык-тематикалык пландан артта калбайт. Бул инструментти ар кайсы гаджеттерде колдонсо болот.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер