БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ

  • 15.11.2020
  • 0

10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк Илим күнү деп белгиленип келет. Майрамга карата 12-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги  «Сейтек» Балдар жана өспүрүмдөр борборунда салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Салтанаттуу жыйынга Вице-премьер-министр Э.Ж. Сурабалдиева,  Билим берүү жана илим министри А.Б. Бейшеналиев, мамлекеттик органдардын жетекчилери, жогорку окуу жайларынын ректорлору, илимий-изилдөө мекемелеринин директорлору жана белгилүү окумуштуулар катышышты.

Жыйын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти тарабынан уюштурулду. Жыйын Кыргызстандагы илимдин өнүгүүсү тууралуу документалдык фильм менен башталды. Ошондой эле А. Бейшеналиев ата мекендик илимдин учурдагы жана келечектеги абалы  тууралуу чакан презентация жасады. Иш-чарада билим берүү министри илимпоздорду майрамы менен куттуктап, кыргыз илимине зор салым кошкон окумуштууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыктары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгилери, Ардак Грамоталары жана башка сыйлыктар тапшырылды.

КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынан сыйлык алгандар:

  • Чортонбаев Тыргоот Джуматаевич;
  • Сарыбаев Акпай Шогаибович;
  • Арзыбаев Азамат;
  • Сартбаева Асель;
  • Токтосунова Батма Бадировна;
  • Акматалиева Айнура Майрамбековна.

“Билим берүүнүн мыктысы” сыйлыгын алгандар:

  • Исраилова Нелла Амантаевна –
    И. Раззаков атындагы КМТУнун информатика жана эсептөө техникасы кафедрасынын доценти;
  • Абдрасулов Ырысбек Абдрасулович –
    КР БИМдин алдындагы Илим департаментинин эксперти;

КР ББИМдин Ардак грамотасын алгандар:

  • Мурадылова Гульшан Шариповна;
  • Сарсеитова Нуржамал Шамшыбековна;
  • Тентиев Ренат Бектурганович;
  • Ашырбекова Альмира Салморбековна;
  • Бектеналиева Дилбара Көкталовна;
  • Бектуров Амантур Бектурович;

Ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлиги быйыл жогорку окуу жайлардын, илимий-изилдөө органдарынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы боюнча ЖОЖдор жана илимий-изилдөө борборлору атайын сыйлыктарга татыды.

Жогорку окуу жайлардан:

  • I даражадагы диплом менен Ош мамлекеттик университети;
  • II даражадагы диплом менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
  • III даражадагы диплом менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети сыйланды.

Ал эми илимий-изилдөө мекемелеринен:

  • I даражадагы диплом менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Физика-техникалык проблемалар Илимий-изилдөө институту;
  • II даражадагы диплом менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору;
  • III даражадагы диплом менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Ирригация илимий-изилдөө институту атайын сыйлыкка ээ болду.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер