БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

  • 03.02.2021
  • 0

Нарын облусундагы Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди.

 

Аталган имараттын курулушу 2013-жылы башталып, 225 орунга ылайыкталган.

Мектептин курулушунун жалпы сметалык наркы 62 миллион сомду түзгөн. Анын 41 миллион сому республикалык бюджеттен, 21 миллиону Түрк гранты менен каржыланган.

Учурда аталган орто мектепте 31 мугалим эмгектенип, 300 окуучу билим алат.

Мектептин салтанаттуу ачылыш аземине Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, жергиликтүү бийликтин өкулдөрү, мектептин ысымын алып жүргөн Байбача уулу Тыналынын үй-бүлөсү, жакындары, айыл тургундары  катышты.

Жаңы мектепте билим ала баштаган келечек ээлерине жакшы тилектер айтылып, мектепке керектүү белектер тапшырылды.

Министр мектептин ичин кыдырып, мугалимдер менен баарлашты.

Кенжебай Кыдыров

Бөлүшүү

Комментарийлер