БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СОЦИАЛДЫК АБАЛЫН ЖАКШЫРТУУ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 21.10.2020
  • 0

КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов менен жолукту.

Жолугушууда билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Министр изилдөө жүргүзүп жаткан педагогдорду колдоо маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле эмгек акыны эсептөөнү автоматташтыруу анын эффективдүү иштешин камсыз кылып, бюджеттик каражаттарды максатсыз жумшоолорго бөгөт кое турганы белгиленди.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер