«БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ» ЖАҢЫ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК ТАЛКУУ ӨТӨТ

  • 06.10.2022
  • 0

7-октябрда Жогорку Кеңештин имаратында «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар: Ж.Акаев, М.Маматалиев, Н.Шакиев, В.Раимбачаева, Ж.Нурбаев, А.Кенжебаев, А.Түмөнбаев, Т.Икрамов, Ө.Бакиров, Ф.Алимжанов, Н.Алимбеков, Э.Жамгырчиев, Э.Токтошев, М.Самыйкожо, Д.Бекешов, Б.Чойбеков, Г.Молдобекова, Э.Сулайманов, А.Исираилов, Н.Ражабалиев, Н.Азыгалиев.

Маалыматка ылайык, «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында, ошондой эле билим берүү системасын реформалоо зарылдыгына байланыштуу демилгеленген.

2021-жылдын 5-майында Президент өз кайрылуусунда билим берүү системасын реформалоону экономиканын керектөөлөрүнө жана жаңы замандын талабына ылайык жүргүзүү керектигин белгилеген.

Мыйзам долбоору билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүүгө багытталган. Мыйзам долбоорунун жоболору билим берүүнүн сапатын, инклюзивдүүлүгүн жана санариптештирүүсүн жогорулатууга, мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылууну көбөйтүү үчүн шарттарды түзүүгө, билим берүү системасын башкарууну жакшыртууга, коррупцияны кыскартууга жана ваучердик системаны киргизүү аркылуу билим берүүнү мамлекеттик каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Мыйзамдын максаты – мекен ичинде гана эмес дүйнөлүк эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон адистерди даярдоого багытталган Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн укуктук негиздерин түзүү.

Коомдук талкууда «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун негизги жоболору айтылат. Иш-чара мектепке чейинки, мектептеги жана кесиптик билим берүү боюнча үч панелдик талкуунун алкагында өткөрүлөт. Ага бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде мамлекеттик органдардын, билим берүү тармагынын жана экономиканын башка секторлорунун, бизнестин, жарандык коомдун өкүлдөрү катыша алат.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттарына, «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнө, билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө сөз берилет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер