БИЛИМ БЕРҮҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖОЛУНДА: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ФАКТЫЛАР

  • 17.09.2020
  • 0

Каныбек Исаковдун Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болуп келгенине 13-сентябрда туура бир жыл болду. Ушул аралыкта билим берүү тармагында аткарылган иштер, жетишкендиктер жөнүндө министрликтин басма сөз кызматы даярдаган отчетун жарыялайбыз.  

БИЛИМ БЕРҮҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖОЛУНДА: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ФАКТЫЛАР

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ

Билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2020-2024-жылга чейинки Өнүгүү Стратегиясы иштелип чыгып, талкуудан өткөрүлүп, Өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. Азыркы учурда ал бекитилүүнүн алдында турат.

САНАРИПТЕШТИРҮҮ, БИРДИКТҮҮ БАЗА

БИЛИМ БЕРҮҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖОЛУНДА: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Билим берүү системасын санариптештирип, маалыматтарды алуунун ыкчамдыгын камсыз кылуу максатында бардык деңгээлдерин камтыган бирдиктүү база – Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы (БББМС www.emis.edu.gov.kg) жасалды (ИСУО).

База үч бөлүктөн туруп, билим берүү чөйрөсүндөгү бардык керектүү маалыматтарды камтыйт, мисалы:

  1. Бардык деңгээлдеги билим алуучулардын бирдиктүү маалымат базасы;
  2. Бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин маалымат базасы;
  3. Менчигинин формасына карабастан бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын инфраструктурасы, материалдык-техникалык камсыздалуусу жөнүндө толук маалыматтар базасы.

Учурда бул системага билим берүү уюмдары тарабынан жалпы 1 млн. 500 миңден ашуун адамдын маалыматы киргизилди жана планга ылайык ушул жылдын декабрына чейин бирдиктүү база даяр болот. Учурда системага киргизилген маалыматтардын тууралыгын жана тактыгын камсыздоо үчүн 390 билим берүү уюмунун жетекчилерине электрондук кол тамгалар берилүүдө. Ошондой эле негизги максат маалыматтарды алууну ыңгайлуу жана оңой кылуу болгондуктан “Түндүк” ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасы менен интеграцияланат.

ЭМГЕК АКЫНЫ ЧЕГЕРҮҮ АВТОМАТТАШТЫРЫЛДЫ

Өткөн жылдагы демилгелердин дагы бири — билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын чегерүүнү автоматташтыруу жараяны болду. Бул процессти ишке ашыруудагы негизги максаттар маянаны эсептөөдө ачыктыкты камсыздоо менен бирге, Социалдык фонд, салык төлөмдөрүн эсептөөдөгү катачылыкка жол бербөө жана борборлоштурулган бухгалтериялардын кызматкерлеринин жумушун жеңилдетүү менен бирге бюрократиялык тоскоолдуктардан арылуу.

Бул процессти ишке ашыруу үчүн ар бир райондук, шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн эсепчилери атайын окутуудан өткөрүлүп, аларга 131 компьютер берилди, дагы 96 компьютер менен камсыз кылуу чечилди.

“ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК”  ЖАНА “ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЗЫЛУУ”

БИЛИМ БЕРҮҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖОЛУНДА: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана мектепке кабыл алуунун ачык-айкындуулугун камсыздаган “электрондук кезек” жана “электрондук жазылуу” системасы ийгиликтүү иштеп жатат. Бала бакчаларга электрондук кезек (http://balabakcha.edu.gov.kg) Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бир жыл мурда ишке киргизилген. Иштеп баштаган мезгилде жарандардан 116 770 өтүнмө кабыл алынып, жыйынтыгында система аркылуу бала бакчаларга 49 598 бала кабыл алынган. Ийгиликтүү демилгени андан ары улантуу иши 2020-жылдан – Токмок, Кызыл-Кыя, Балыкчы, Жалал-Абад, Сүлүктү шаарларында жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жайылтылды.

Бүгүнкү күнгө карата 117 миңден ашуун электрондук өтүнмө түшүп, 50 109 бала мектепке чейинки мекемелерге жайгаштырылды. Планга ылайык система мамлекеттик кызматтар электрондук порталы менен интеграцияланат жана ага ылайык маалыматтар бирдиктүү базадан алынып, документтерди сканерлеп тиркөөнүн зарылчылыгы жоюлат.

2019-жылы Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук жазылуу  автоматташтырылган информациялык системасы Бишкек шаарында иштеп баштаган (mektep.edu.gov.kg)  жана сентябрь айына карата платформага 17737 өтүнмө келип түшкөн. Үстүбүздөгү жылдан тарта электрондук жазылуу Бишкек шаарынан сырткары Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта шаарларында ишке кирди.

Статистикага ылайык, Бишкек шаарында — 18 013, Ош шаарында – 8255,  Кара-Балта шаарында – 846, Токмок шаарында – 1734, Жалал-Абад шаарында  – 2624, Кызыл-Кыя шаарында – 1442, жалпы – 32 914 өтүнмө келип түшкөн жана 28 743 бала 1-класска кабыл алынды.

АБИТУРИЕНТТЕР ОНЛАЙН КАБЫЛ АЛЫНДЫ

БИЛИМ БЕРҮҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖОЛУНДА: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ФАКТЫЛАР

ЖОЖдорго жана кесиптик орто окуу жайларына кабыл алуу быйылкы жылы толугу менен онлайн форматта жүргүзүлдү. Билим берүү жана илим министрлиги бул максатта атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизди.

Маалыматтык системаны түзүү менен бардык категориядагы абитуриенттер үчүн бирдей шарт жаралып, окуу жайына кирүү үчүн конкурска электрондук форматта катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Конкурстан өткөн абитуриенттердин документтери электрондук түрдө кабыл алынды жана Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификатынын талондорун эсептөө, ЖОЖго өтө турган абитуриенттердин рейтингдик тизмесин түзүү жана бөлүштүрүү толугу менен автоматташтырылды. Кабыл алуу мезгилиндеги калкты түйшөлткөн маселелердин бири болгон кабыл алуунун ачык-айкындуулугун, тазалыгын жана тактыгын камсыз кылуу, сапатын жогорулатуу да аталган система менен ишке ашырылды. Онлайн кабыл алуунун дагы бир практикалык пайдасы — коронавирус пандемиясы учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо, ЖОЖдордо абитуриенттердин массалык топтолуусуна жол бербөө болуп калды.

Жалпысынан гранттык орундарга 21 200 өтүнмө, келишимдик негизде окуу үчүн – 35260 өтүнмө келип түшкөн. Алдын ала жыйынтыктарга ылайык гранттык негизде – 4469 студент, келишимдик негизде – 36 364 студент, анын ичинен – күндүзгү окуу формасына 17 641, сырттан окуу бөлүмүнө – 5995 студент, кечки бөлүмгө – 142 студент, кесиптик орто жана жогорку дипломдордун негизинде — 10860, магистратурага – 1726 студент кабыл алынды.

ПЕДАГОГДОР ОНЛАЙН ОКУШТУ

БИЛИМ БЕРҮҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖОЛУНДА: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Окуу процессинде, билим берүүдөгү негизги фигура бул албетте, мугалим. Заманбап мугалим учурдагы педагогикалык жана технологиялык талаптарга жооп берген кесипкөй адис болушу зарыл экендиги баарыбызга маалым. Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалда окуучулардын, мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо жана 2020-2021-окуу жылында балдарды мектепке даярдоо, мектепке чейинки жана мектепте билим берүү программасын аткарууга даярдык көрүү максатында 5-августтан 25-августка чейин өлкөнүн билим берүү уюмдарында “Санарип мугалим” деген аталыштагы бир айлык жарыялады. Анын алкагында, республиканын педагогдоруна тематикалуу вебинарлар өткөрүлүп, усулдук жардамдар берилди.

ОНЛАЙН ОЛИМПИАДАЛАР

Мектеп окуучуларынын билим сапатын текшерүү, алардын тестирлөөгө катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн атайын альтернативалуу онлайн олимпиадалар өткөрүлдү. Олимпиада 2019-жылдын 30-ноябрынан баштап математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча онлайн форматта өттү. Ага катышуу үчүн окуучулар http://unite.kg жана http://www.olymp.krsu.edu.kg. сайттарында катталышты жана жыйынтыктары да ушул даректер боюнча жайгаштырылды.

 “КЕЛЕЧЕК МЕКТЕБИ – АКЫЛДУУ МЕКТЕП” МОДЕЛИ

БИЛИМ БЕРҮҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖОЛУНДА: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Республикада Санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Келечек мектеби – акылдуу мектеп” модели иштелип чыкты. Моделди ишке ашыруу үчүн иш-чаралардын деталдуу планы иштелип чыкты жана долбоорго атайын критерийлердин негизинде борбор калаадан жана аймактардан жалпы 10 мектеп аныкталды. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн  техникалык шарттарды жаратуу жана лабораторияларды түзүү зарыл болгондуктан министрлик Азия өнүктүрүү банкына кайрылды. Ошондой эле «Альфа Телеком» жана окуучулар үчүн электрондук контентти иштеп чыгуу боюнча Жогорку технологиялар паркы менен атайын меморандум түзүлдү.

“КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” ДОЛБООРУ

Билим берүүдөгү инновациялык идеяларды ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык “КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” долбоору ишке кирди. Долбоордун алкагында 2025-жылга чейинки мөөнөттө аймактарда 40 миң бала үчүн 500 кыска мөөнөттүү мектепке чейинки балдар уюмдары түзүлүп, 1200 мектеп компьютердик класстар жана электрондук китепканалар менен жабдылат. Мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү жагы да камтылып, 38 миң мугалимдин базалык санариптик ык-көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча окутуулар өткөрүлөт. Буга кошумча 15 миң мугалим табигый-илимий предметтерди окутуунун жана башталгыч класстарда окууну коррекциялоо методологиясын үйрөнүшөт. Негизги максаттарынын бири катары окуучулардын табигый-илимий циклдагы предметтер боюнча компетенцияларын жана функционалдык сабаттуулугун баалоо боюнча онлайн тесттер иштелип чыгат.

МЕКТЕПТЕРДИН ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУУСУН ТАК АНЫКТООЧУ СИСТЕМА

БИЛИМ БЕРҮҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖОЛУНДА: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Мектептерди окуу китептери менен камсыздоо үчүн колубуздагы бар базаны карап чыгуу абдан мааанилүү. Бул максатта атайын система түзүлүүдө. Системаны ишке салуу менен мектеп китепканаларынын жумушун автоматташтырып, окуу-методикалык комплекстердин толук базасын камтыган база түзүү пландалган. Республика боюнча 2138 мектептин китепканаларына бирден компьютер, принтер жана штрих кодду окуй турган сканер аппараты алынып берилет. Бүгүнкү күнгө карата алты миллион китеп жөнүндө маалымат системага киргизилип, эки миллион китеп ижарага берилип жатат. Ижарадан түшкөн каражатка кайрадан  китептерди басып чыгаруу үчүн жумшалат.

БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН ПАНДЕМИЯГА КАРАТА ЫҢГАЙЛАШУУСУ

Коронавирус пандемиясы билим берүүнү санариптештирүү процессин тездетти жана аны менен бирге эле нормативдик-укуктук базаны өзгөртүү зарылчылыгын көрсөттү. Буга байланыштуу дистанттык окутууга өтүү үчүн нормативдик документтер толугу менен өзгөртүлүп, аралыктан окутуунун негиздерин үйрөтүүчү атайын нускамалар иштелип чыкты.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУНУ УЮШТУРУУ ПРОЦЕССИ

2020-жылдын 20-мартында атайын Антикризистик план бекитилип , анын алкагында системдүү жумуш жүрдү. Министрлик реалдуу абалды эске алуу менен дистанттык окутуунун аралаш формасын сунуштады. Ага ылайык сабактар КТРКнын «Баластан» (мектепке даярдоочу тайпалар, 1-4-класстар), ЭлТРдин «Илим жана билим» (5-11-класстар) телеканалдарында тартылып, эфирге чыкты жана 5-канал, Пирамида, Санат ТВ, Ынтымак ТВ аркылуу ретрансляция болду. Андан сырткары ушул эле сабактар ютуб (you-tube) каналдарына жана министрликтин атайын oku.edu.gov.kg. порталына жайгаштырылды.  COVID-19 илдетинен келип чыккан татаал эпидемиологиялык кырдаал окуу-тарбия процессин кыска мөөнөттө өзгөртүүгө алып келип, окуу процессин санариптик форматка өткөрүүнү тездетти. Кыргызстан окуу жылын дистанттык режимде жыйынтыктады.

4-чейрек үчүн 1700 видеосабак тартылып, алардын сапатын жакшыртуу үчүн методикалык колдонмолор иштелип чыкты. 2020-2021-жаңы окуу жылы үчүн Билим берүү жана илим министрлиги 7022 видеосабак тартат.

Мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү үчүн педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институту тарабынан мугалимдерге бул багытта атайын инструкциялар жана видеороликтер даярдалып, таратылды жана Республиканын мугалимдерине жана методисттерине дистанттык окутуунун негиздери боюнча атайын вебинарлардын сериясы өткөрүлдү.

Ата мекендик уюлдук байланыш операторлору Альфа-Телеком, Нур телеком, Билайн компаниялары Билим берүү жана илим министрлиги көтөргөн демилгенин алкагында мугалимдерди жана окуучуларды колдоп, өз тарифтери менен бардык билим берүү каналдарына жана интернет сайттарына акысыз кошулууга мүмкүндүк беришти.

ЭЛЕКТРОНДУК-ИНТЕРНЕТ РЕСУРСТАРЫ

БИЛИМ БЕРҮҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖОЛУНДА: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Аралыктан окутуу үчүн керек болуучу, өзгөчө форматтагы электрондук китептер зарыл болду жана ал үчүн стандарттарды да иштеп чыгуу керек эле. Бул маселени чечүү үчүн окуучуларга kitep.edu.gov.kg сайтына 537 окуу китебин жана 300дөн  ашуун көркөм адабий китептер жайгаштырылды. Буга кошумча окуу китептери https://lib.kg/lib/school/ дарегине да коюлду.  Башталгыч класстар үчүн 7 предмет боюнча электрондук программалык-методикалык iBilim комплекси кошумча билим берүү ресурсу катары сунушталды. (https://www.ibilim.kg/kyr/index.html). Ал эми 5-9-класстар үчүн математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча окуу материалдарынын БИЛИМ БУЛАГЫ мультимедиялык  КОМПЛЕКСИ сунушталды. Дареги: https://www.bb.edu.gov.kg/

Билим берүү жана илими министрлиги “КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ РЕСУРСТАРЫ” деген аталыштагы — oku.edu.gov.kg билим берүү порталын түздү. Бул порталга 1-11-класстарынын окуу материалдары, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, видеосабактар, өнүктүрүүчү оюндар ж.б. жүктөлгөн. Буга кошумча “Кыргызстандын билим берүү ресурстары” деген аталыштагы you-tube канал ачылды.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ ДАЯРДОО

БИЛИМ БЕРҮҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖОЛУНДА: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Кандай гана жагдай болбосун, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларга тапшыруусун камсыздоо негизги максаттардын бири. Ал үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктарды көрүү балдардын даярдыгын камсыздоо зарыл эле. Андыктан ЖРТга даярдоо боюнча министрлик мектеп бүтүрүүчүлөрүнө онлайн ресурстардын топтомун сунуштады.

Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так аткаруу менен реалдуу режимде Жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлдү. Тест тапшыруу үчүн республика боюнча 117 борбор даярдалып, 44 миңдей окуучу катышты жана алардын ичинен 53 бүтүрүүчү “Алтын сертификатка” ээ болушту.

КЕСИПТИК ОРТО ЖАНА ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ

Кесиптик орто жана жогорку окуу жайларында да аралыктан окутуу чечими кабыл алынып, окуу жайлардын сунуштарын эске алуу менен — учурдук, аралык жана мамлекетик жыйынтыктоочу аттестацияларды дистанттык (аралыктан) кабыл алуу механизми иштелип чыкты. Ага ылайык ар бир окуу жайы мүмкүнчүлүгүнө жараша өзүнө туура келген модель менен аттестацияларды өткөрдү. Карантин күчөп турган учурда бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу аттестациясын  AVN мааалыматтык системасынын билим берүү порталынын жардамы менен компьютердик тестирлөө формасында өткөрүлдү.

Ал эми окуу процесси  AVN маалыматтык системасынын, ZOOM, Google classroom, MOODLE платформаларынын, Academic Affairs маалыматтык системасынын, Whatsapp, Skype жана электрондук почтанын, Кирлибнет электрондук библиотекаларынын ресурстары менен уюштурулду. Окуу процесси үчүн керектүү болгон санариптик контентти окуу жайлары өздөрүнүн сайттарында, AVN маалыматтык системасынын порталында жайгаштырышкан.

Кесиптик башталгыч билим берүүнүн деңгээлинде http://distant.kesip.kg электрондук окутуу порталы ишке берилди.

МУГАЛИМДЕРГЕ УСУЛДУК ЖАРДАМ

Билим берүү процессинин негизги фигурасы болгон мугалимдер дагы усулдук жардамга муктаж экендигин эске алуу менен тиешелүү нускамалар жана сунуштамалар иштелип чыкты. Мисалга алсак, каникул мезгилиндеги коопсуздук чаралары боюнча, дистанттык формада окутууну уюштуруу боюнча мугалимдерге сунуштамалар, “Окуучулар менен иштѳѳдѳ ZOOM программасын видеоплатформа катары колдонуу” ж.б. Дистанттык билим берүү боюнча https://ec.ripk.kg. платформасы түзүлүп, ал платформада — “Кыргызстандын мектептериндеги маалыматтык-коммуникациялык комптенециялар”, “Баалонун теориясы”, “Комптенттүүлүк мамилененин негизиндеги пландоо”, “Окутуунун активдүү жана интерактивдүү методдору”, “Мугалимдин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү” деген аталыштагы квалификацияны жогорулатуунун электрондук курстары өтүлдү.

Мындан сырткары аралыктан билим берүү ресурстары, аларды туура колдонуу, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү боюнча кеңири түшүндүрүүлөрдү камтыган вебинарлар ѳткѳрүлүүдѳ.

ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРГА (СЫНАЛГЫ, СМАРТФОН)

МУКТАЖДЫКТЫ АНЫКТОО

БИЛИМ БЕРҮҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖОЛУНДА: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Окуучулардын тиешелүү техникалык каражаттарга болгон муктаждыгын тактоо үчүн өлкө боюнча атайын ырааттуу мониторинг жүргүзүлүп, жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү жана бийлик органдары менен биргеликте аларды гаджеттер камсыз кылуунун үстүндө да иш алып барылды.

2020-жылдын март айында 4782 үй-бүлөдө телевизор жок болсо, бүгүнкү күнү алардын саны 1034 түзүп 4,6 эсеге азайды. Телефону жок 65 миң  окуучунун 47 миңине окуу процессине колдонуу үчүн  смартфондор алынып берилди.

ОКУУЧУЛАРГА ЖАНА АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАРДАМ

Пандемияга байланыштуу карантин учурунда окуучуларга жана ата-энелерге психологиялык жардам көрсөтүү үчүн ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө ыкчам байланыш номерлери иштеп, жарандарга психологиялык жардамдар, кеңештер берилди. Дистанттык окутуу учурунда жарандардан келген суроо-талаптарга жооп берүү үчүн бирдиктүү 8569 ыкчам байланыш номери иштеп жатат.

ЭКСПЕРТТИК-КОНСУЛЬТИТИВДИК КЕҢЕШТЕР

Министрликтин алдында, практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган Эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат. Кеңештин максаты чет өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасын изилдеп, талдап, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон бир нече варианттагы чечимдерди иштеп чыгып, сунуштоо. Бул максатты ишке ашыруу үчүн Кеңеш төмөнкү багыттар боюнча иш алып барды жана дистанттык окутуу мезгилинде ата-энелерге методикалык, психологиялык жардам көрсөтүү боюнча, башталгыч класстарды окутуунун алгоритми боюнча ж.б. атайын нускамаларды иштеп чыкты. Ушундай эле Консультативдик кеңеш жогорку окуу жайларына жардам берүү боюнча түзүлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер