БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УСТАТЫ

  • 26.12.2018
  • 0

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү бүгүнкү күндө облус ичинде  окуучуларга жакшыртылган ысык тамак менен камсыз кылууда 94,3% ээ болуп, облус ичинде алдыңкы орунда турат. Ал эми республикалык деңгээлде өткөрүлгөн  ар  кандай кароо-сынактарда Ак-Суу районунун окуучулары  1-2-орундарды камсыз кылышууда.  Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана мектептеринин ишмердүүлүгү облустук, республикалык  “Мыкты мектеп”,  “Мыкты бала бакча”, “Мыкты мугалим”  кароо-сынактарда байгелүү орундарды багындырып келгендиги алдыңкы ишмердүүлүктү айгинелейт.  Мына ушундай ийгиликтердин артында өрнөктүү эмгек жолун аркалаган, агартуу тармагында өз орду бар  Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев турат.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УСТАТЫ

Малик Уркадырович Темиралиев  бүгүнкү күндө да  даражалуу, ийгиликтүү, зор иштерди  аткарып келатат.  Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн алдында 35 мектеп 14 мамлекеттик жана 10 альтернативдик  мектепке чейинки билим берүү уюму бар.  Ак-Суу районундагы билим берүү уюмдары облустук билим берүү тармагында зор ийгиликтерди, алдыңкы көрсөткүчтөрдү жаратып келатканын айтып коюу парз.

— Улуу устаттын жетекчилиги менен райондук билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнө карата  Билим берүү жана илим министрлигинин  жана Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун, облустук билим берүү уюмдарынын координациясынын берген баасында райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери өз функционалдык милдеттерин так, жоопкерчиликтүү жана аткаруу тартиби жагынан ыкчамдыгын белгилеп келишет, — дейт облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары Нургүл Шарапова.

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата бардык билим берүү уюмдарында алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.  Район тоолуу, алыскы айыл аймагын камтыгандыгына карабастан  33 мектеп интернет менен камсыз болгон, т.а. 94.2 % түзөт.

Мектептердин материалдык-техникасын базасын чыңдоого кошумча каражатка 20 мектепте картошка, буудай, арпа, чөп өстүрүү менен көмөкчү чарбаларда иш жүргүзүшөт. Жалпы кирешенин суммасы  быйылкы жылы 259850 сом түздү.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УСТАТЫ

  • Райондогу мектептердин инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган GIZ, АБР “Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын бекемдөө” долбоору, ЮНИСЕФ эл аралык уюму ж.б.у.с. проекттер менен алгылыктуу иштерди жүргүзүп келишет. Ошондой эле окуучулардын республикалык предметтик олимпиадаларында облустук, республикалык этапта алдыңкы көрсөткүчтөрдү ээлеп келишет. Райондон бир окуучу Самарканд шаарында өткөн Эл аралык олимпиадага катышып, 4-орундагы сертифкатка ээ болду.  ЖРТ 110дон жогору баллдык көрсөткүч 53.6% түздү. Мурдагы жылга салыштырмалуу 10.7% өсүшкө ээ болду.

Райондогу алдыңкы мугалимдердин ишмердүүлүгүн алдыга алып чыгуу, демилгелөө, алдыңкы инновациялык тажрыйбаларды жайылтуу, окуучулардын билим сапатын жакшыртуу жана мамлекеттик жалпы орто билим берүү стандартын ишке ашыруу максатында илимий-практикалык конференцияларды, инновациялык технологияларды камтыган мастер-класстарды облустук жана райондук деңгээлде ийгиликтүү өткөрүп келишет.

Райондук методикалык кабинет тарабынан ар кандай багыттагы  кароо-сынактар, тегерек столдор өткөрүлүп турат жана мугалимдердин усулдук чеберчилигин өнүктүрүү максатындагы Педагогогикалык устакана түзүлүп, билим берүү тармагындагы бардык жаңы багыттарды колдооо, аларды ишке ашырууга багытталат. Малик Уркадырович Темиралиевдин жетекчилиги алдында Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүндө алгылыктуу иштер мындан ары да аткарыла беришине  терең ишенбиз, — дейт Н.Шарапова.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УСТАТЫ

Билим берүү тармагындагы мектеп системасынын бардык баскычын басып келип жетекчилик кызматында эмгектенип жаткан билим устаты Малик Уркадырович Темиралиев  Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Профсоюздар кыймылынын мыктысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер наамына ээ. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин, Ысык-Көл облустук Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын, Ысык-Көл облустук билим берүү бөлүмүнүң башкармалыгынын бир нече жолку Ардак грамоталары менен сыйланган.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Маалымат үчүн

Малик Уркадырович  1953-жылы Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айылында туулган. 1976-жылы  азыркы Каракол шаарындагы  Педагогикалык институттун физика-математика факультетин ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1976-жылы   Ново-Вознесеновка айылындагы  Дзержинский атындагы мектеп-интернатта улук тарбиячы болуп баштаган. Андан кийин  1977-1981-жылдары ошол эле мектепте физика, астрономия сабагынын мугалими, 1981-1984-жылдары  окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген. 1984-1986-жылдары Ак-Суу районундагы Боз-Учук орто мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 1987-1988-жылдары ошол мектептин директору, 1988-2001-жылдары  М.Чокиев атындагы орто мектебинин директору кызматында иштеген.  2001-жылдан тарта ушул мезгилге чейин  Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келатат.

.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер