БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

  • 23.09.2022
  • 0

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө” 2014-жылдын 24-октябрындагы № 616 токтомун аткаруу максатында, өсүп келе жаткан муунду окутууда жана тарбиялоодо билим берүү кызматкерлеринин маанилүү ролун белгилеп, мугалимдик кесипти кеңири жайылтуу, анын социалдык абалын жакшыртуу жана жогорку класстын окуучуларынын арасында кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүү максатында буйрук кылам:

  1. 2022-жылдын 5-октябрында Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата билим берүү мекемелеринде «Жаңы чакырыктар – жаңы бийиктиктер» урааны астында иш-чаралар өткөрүлсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында Билим берүү кызматкерлеринин күнүн өткөрүү боюнча сунуш кылынган иш-чаралардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Райондук жана шаардык билим берүү органдарынын, менчиктин бардык түрүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

—         иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту, санитардык нормаларды сактоону;

—         майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө каражат чогултууга  тыюу салынсын.

  1. Буйруктун аткарылышын контролдоо Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгына (С. К. Умралиева) жана Мектепке чейинки билим берүүнүн саясаты бөлүмүнө (Н.А.Касымова) жүктөлсүн.

Министрдин биринчи орун басары Т.И.БЕКТАШОВ

Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө

 

Бөлүшүү

Комментарийлер