БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ ЖАНА БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕГИ МИЛДЕТТЕР

  • 16.11.2018
  • 0

23-ноябрда Кыргызстандын жогорку окуу жайлар ассоциациясы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте билим берүү форумун өткөрөт. Форумдун алдында аталган ассоциациясынын төрагасы, Бишкек гуманитардык университетинин ректору, профессор Абдылда Мусаев форумдун багыты, талкуулана турган маселелер, алдыга коюла турган милдеттер жана ассоциациянын  ишмердиги тууралуу маектештик.

 

БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ ЖАНА БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕГИ МИЛДЕТТЕР

2017-жылы өткөн форумдун катышуучулары

 

— Абдылда Инаятович, форум жөнүндө сөз кылардын алдында Жогорку окуу жайлар ассоциациясы жөнүндө маалымат бере кетсеңиз?

—   2014-жылы биздин мамлекеттеги эң ири делген 24 жогорку окуу жайынын ректорлору чогулуп, атайын жыйын өткөргөнбүз. Анда дүйнөлүк практиканы эске алуу менен билим берүүнүн табиятын, эл аралык алдыңкы тенденцияларды жана улуттук өзгөчөлүктөрдү мыкты билген, билимдүү, тажрыйбалуу, кесипкөй адамдардын башын кошкон атайын бир кошуун уюштурууну чечкенбиз. Бул – коомдук башталыштагы кесиптик кошуун. Мунун зарыкчылыгы эмнеден келип чыккан? Негизги максат – бул тармактагы прогресивдүү, заманбап, жаратман күчтөрдүн, интеллектуалдык ресурстардын башын бириктирүү аркылуу бул чөйрөдөгү зарыл болгон маселелерди талкуулоо, улуттук жогорку билим берүүнүн деңгээлин, сапатын көтөрүү, мамлекеттик мыйзам чыгаруу, аткаруу  бийликтерине көмөк көрсөтүү, түйүндүү маселелер боюнча аларга сунуш киргизүү,  ар кандай долбоорлордун үстүндө иштөө, тажрыйба алмашуу, илим менен билим  берүүнүн интеграциясына жетишүүнүн жолдорун тактоо ж.б. Бир сөз менен айтканда, өзүбүз иштеген чөйрөнүн өнүгүүсүнө кам көрүү, бул багытта Өкмөткө, Билим берүү жана илим министрлигине көмөк көрсөтүү.

Ушундай макулдашууга келгенден кийин бардык мыйзамдык ченемдер аткарылып, Ассоциация расмий түрдө Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Ошондон бери биздин Ассоциация, менин оюмча, жемиштүү иштеп келе жатат. Уюштуруу жыйынында Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташуу жөнүндө меморандумга  кол коюлган. Ал кагаз жүзүндө калган жок. Кызматташуу азыр өзүнчө бир системага түшүп калды. Көйгөйлүү маселелер боюнча талкуулар өткөрүлүп, сунуштар иштелип чыгат. Мындай иштер атайын жыйындарда, салттуу болуп калган билим берүү форумдарында өткөрүлүп турат. Ассоциациясынын өзүнүн сайты,  баймабай чыгып турган «Жогорку окуу жайларынын жарчысы аттуу атайын журналы бар. Илим жана билим жаатындагы эң алдыңкыларды колдоо максатында «Хан-Тенгри» аттуу атайын сыйлык дагы негизделген. Азырынча илимге сиңирген  эмгеги үчүн окумуштууларга бериле турган 70 миң сомдон турган эки сыйлык жана студент, магистранттарга бериле турган төрт сыйлык бар. Мындан сырткары илим, билим жаатындагы  эмгеги  үчүн бериле турган Ассоциациянын медалы, Ардак грамоталары бар. ЖОЖдордогу илимий багытты өнүктүрүү үчүн коомдук башталыштагы Билим берүү жана илим академиясын” түзүү багытында да иштеп жатабыз. Айтор, биздин Ассоциациянын иштөө багыты көп тармактуу.

БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ ЖАНА БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕГИ МИЛДЕТТЕР

Сиз жогоруда кеп кылган билим берүү форумдары тууралуу кенен сөз кылсак. Себеби бул Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагына абдан чоң таасирин тийгизсе керек. Мындай форумдарда кандай маселелер козголот жана алар кандай мезгилдик аралыкта өткөрүлөт.

— Билим берүү форумдарын жыл сайын өткөрүү салт болуп калды. Эң алгачкы эл аралык форум 2015-жылы уюшулган. Ал “Кыргыз билим берүүсүнүн эл аралык интеграциясы. Өнүгүү жолдору” деп  аталган.  Форумга Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Россия Федерациясынан, Кытай Эл Республикасынан, Түркиядан, Казакстандан атайын келген делегациялар, белгилүү окумуштуулар жана эксперттер, Кыргызстандагы ири жогорку окуу жайлардын ректорлору, окумуштуулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Жыйында жогорку билим берүү үчүн жаңы эл аралык мейкиндиктер, кызматташууга, тажрыйба алмашууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткандыгы улуттук билим берүү тармагы үчүн кыйла жагымдуу жагдайларды түзгөндүгү, бул кырдаал жалпы эле билим берүүнүн сапатын көтөрүү, эл аралык стандарттарга өтүү ж.б. маселелерди ыкчам чечүүгө ЖОЖдорду милдеттендирери белгиленген.

Россия Федерациясынан келген абройлуу делегациянын жетекчиси, Юридикалык ЖОЖдордун ассоциациясынын президенти, белгилүү коомдук жана саясий ишмер Сергей Бабурин, Кытай Эл Республикасынан келген делегациянын жетекчиси, Синьзян университетинин ректору Ташбулат Тайып, Казакстан делегациянын жетекчиси, Евразиялык технологиялык университеттин ректору Асан Оспанов, Түркиядан келген делегациянын башчысы, Улуттук жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы, профессор Ильяс Доган эл аралык мейкиндиктеги түзүлгөн жагымдуу шарт кызматташууга өбөлгө болоору, тажрыйба алмашуу, студенттердин, мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгүн күчөтүү, мыкты адистерди даярдоочу окуу программаларын, окутуу технологияларын жакындатуу, гармониялаштыруу, билим берүү документтерин, дипломдорун өз ара таануу ж.б. ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чаралар, чогуу иштеп чыга турган механизмдер тууралуу сөз кылышты.

Бир топ кызуу талкуулардан кийин эл аралык билим берүү форумунун резолюциясы кабыл алынып, Кыргызстандык жана чет өлкөлүк белгилүү адистердин, эксперттердин билим берүүнү жакшыртуу максатындагы ойлору жетекчи уюмдарга сунушталган.

Кийинки форум дагы Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге өткөрүлгөн. Форумдун негизги максаты — заманбап маалыматтык- коммуникациялык технологияларды окуу жайларды башкарууда, окуу процессин уюштурууда кеңири пайдалануу аркылуу билим берүүнүн сапатын көтөрүү маселелерин талкуулоо, тажрыйба алмашуу, бул багытта өнүгүүгө мүмкүнчүлүгүн берген иш-чаралардын системасын түзүү боюнча акылдашуу.

Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева, анын орун басары К.Кожобеков, Бишкек финансылык академиясынын ректору, эксперт С.Сирмбард, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын проректору И.Дмитриенко, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессору Г.Абдылдаева өздөрүнүн илимий баяндамаларында азыркы жогорку билим берүүдөгү бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү, асыресе, билим берүүнү башкаруунун эффективдүүлүгүн көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берген маалыматтык технологиялар, электрондук окутуу, информациялык билим берүү мейкиндигин калыптандыруу, информациялык-коммуникациялык технологиялар багытындагы адистерди даярдоо маселелерин көтөрүштү. Баяндамаларда алдыңкы технологияларды окуу процессине кеңири пайдалануунун бүгүнкү абалы, эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу, өздөштүрүү аркылуу өнүгүүнү камсыз кылуу жөнүндө да сөз болду.

Форумдун жыйынтыгында бул маанайдагы иш-аракеттердин башкы багыттарын камтыган резолюция кабыл алынды.

Форумдун алкагында Кыргызстандын жогорку окуу жайлар ассоциациясы уюштурган илим жана билим жаатындагы  «Хан-Тенгри» сыйлыгын тапшыруу аземи да өттү. Өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгында Кыргыз агрардык университетинин профессору Д.Раимкулов жана Ош мамлекеттик университетинин профессору К.Алымкулов «Хан-Тенгри» сыйлыгынын лауреаты болуп, медаль жана ар бири 70 миң сомдук акчалай сыйлыкка татыктуу болушса, Кыргыз техникалык университетинин магистранты Асан уулу А., Кыргыз медициналык академиясынын магистранты Б. Нурдинов, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти Мирзарайым кызы У., Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти Ж. Аматовалар дагы «Хан-Тенгри» сыйлыгынын лауреаты болуп, атайын медаль жана ар бири 20 миң сомдук акчалай сыйлыктарга татыктуу болушту.

Сыйлыктарды илим жана билим министри Г. Кудайбердиева салтанаттуу маанайда тапшырды.

Бул сыйлыкты уюштуруунун негизги максаты — илим жана билим жаатына карата дасыккан адистердин, жаштардын кызыгуусун арттыруу.

Агай,бул жолку форумда кандай маселелер козголот?

Бул билим берүү форумуна биздин улуттук интеллектуалдык чөйрөдө эмгектенген жетекчилер, белгилүү адистер катышат. Негизги баяндаманы биздин министрликтин жетекчилери жасашат. Анда жалпы эле улуттук жогорку билим берүүдөгү эң түйүндүү маселелер козголуп, бул тармактын бүгүнкү абалы жана келечеги, стратегиялык багыттары жөнүндө сөз болуп, негизги милдеттер белгиленет. Мындан тышкары бир катар баяндамаларда “ЖОЖ жана региондорду өнүктүрүү”, “Аккредитация — билим берүүнүн сапатын көтөрүүнүн каражаты”, “ЖОЖдордун рейтингин өткөрүү — атаандаштык чөйрөнү түзүү”, “ЖОЖ жана эмгек рыногу: кызматташуу жолдору” ж.б. маселелер талкууланат.

Форумдун алкагында жылдагыдай эле “Хан-Тенгри” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө жана студент, магистранттарга сыйлыктар, Ассоциациянын медалдары, Ардак грамоталары тапшырылат.   Бул жолу сыйлыкка кимдер татыктуу болгонун азырынча айтпай туралык.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”   

Бөлүшүү

Комментарийлер