БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ: САПАТ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ

  • 03.12.2018
  • 0

Кыргызстанда жогорку билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, аймактарды өнүктүрүүдөгү жогорку окуу жайлардын ролу, жогорку окуу жайларын аккредитациялоо сыяктуу бир катар маселелер 23-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын ассоциациясы менен Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн “Жогорку билим берүүнүн сапаты – мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнүн негизги шарты” аттуу билим берүү форумунда талкууланды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ: САПАТ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ

Форумда Жогорку билим берүү системасын реформалоо боюнча Улуттук стратегияда каралган багыттар жана аткарылып жаткан иштер тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Г.Кожобеков кеңири баяндама жасап, анда кесиптик билим берүү жаатында жасалып жаткан иштер, алдыга коюлган максат, милдеттер тууралуу айтып берди. Аймактарды өнүктүрүүдө жогорку окуу жайлар системасынын ролу тууралуу баяндама жасаган ОшМУнун ректору К.Исаков окуу жайдын жетишип жаткан ийгиликтери аркылуу республиканын Түштүк аймагынын өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы, таасирлери жана келечектеги пландарына токтолду. Андан сырткары жогорку окуу жайларды аккредитациядан өткөрүү, жождордун рейтинги, жож жана эмгек рыногу боюнча да баяндамалар жасалып, жогорку окуу жайлардын Камкорчулар Кеңешинин ишмердигин жөнгө салуу, PHD докторантура боюнча маселелер, орто кесиптик окуу жайларына кабыл алууда Жалпы республикалык тестирлөөнү киргизүү, окутуучулардын социалдык абалы, электрондук лицензиялоону киргизүү, билим берүүнү экспорттоо сыяктуу бир катар маселелер дагы көтөрүлдү. Форумдун катышуучулары билим алууну өнүктүрүүнүн негизги ачкычы болуп билим берүүнүн сапаты, бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана Кыргызстандын жогорку билимдүү кесипкөй жарандарынын катмарын түзүү зарылдыгын баса белгилешти. Жыйынтыгында жогорку билимдин жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн кесиптик билим берүүнүн тепкичтеринин жана деңгээлдеринин ортосундагы ырааттуулукту камсыз кылуу, кызыкчылыгы бар ар түрдүү топтор менен Билим берүү жана илим министрлиги, жогорку окуу жайларынын кызматташтыгын күчөтүү, сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууда жаңы маалыматтык-коммуникациялык жана мультимедиялык технологияларды колдонуу, ЖОЖ илимин өнүктүрүү, студенттерди илимий иштерге тартуу, академиялык мобилдүүлүктү, бирдиктүү академиялык жана илимий программаларды алдыңкы чет өлкөлүк университеттер жана илим-изилдөө борборлору менен ишке ашыруу, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу сыяктуу бир катар сунуштар камтылган резолюция кабыл алынды.

 

“ХАН-ТЕҢРИ” СЫЙЛЫГЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ: САПАТ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ

Форумда дасыккан адистердин, жаштардын илим, билим жаатына болгон кызыгуусун арттыруу жана аларды колдоо максатында уюштурулган “Хан-Теңри” сыйлыгы быйыл Кыргыз улуттук университетинин академиги Токтомушев Советбек жана Кыргыз медициналык академиясынын профессору Ырысов Кеңешбекке 70 миң сомдон акча менен ыйгарылды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ: САПАТ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ

Илимий-изилдөө жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин магистранты Капарова Айзада, Кыргыз экономикалык университетинин студенти Сулейманова Айжамал, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти Базарбай кызы Алтынай, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенти Талыпова Айдана 20 миң сомдон акчалай сыйлыкка ээ болду. Мындан сырткары илим, билим жаатындагы эмгеги үчүн ОшТУнун биринчи проректору Мансуров Кубанычбек, Бишкек гуманитардык университетинин профсоюз комитетинин төрагасы Сатиев Азамат, БатМУнун доценти Зулпиев Султанали, ТалМУнун доценти Жусупова Кулмайрам, НМУнун доценти Ажыбаева Дүйшөн, КМДжСАнын студенти Мамбетов Кубат, БФЭАнын студенти Мусаева Саният, ББЗИТИнин студенти Кубекова Гүлзада, ОГПИнин студенти Султанова Тахмина Ассоциациянын медалына татышса, Ассоциациянын Ардактуу грамотасы менен Эл аралык кувейт университетинин магистранты Нурсеитова Сезим, Кыргыз улуттук консерваториянын ассистент-стажеру Уланбек уулу Мирлан жана “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин окутуучусу Алымбекова Суракан сыйланды.

 

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ АКАДЕМИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ

КР Жогорку окуу жайлар ассоциациясынын демилгеси менен ЖОЖдордогу илимий багытты өнүктүрүү үчүн коомдук башталыштагы Билим берүү жана илим академиясы түзүлдү. Академия ар кандай долбоорлорго катышууга, илимий ресурстарды туура иштетүүгө, илим менен билимди интеграциялоого, илимий иштерди көбөйтүүгө жол ачкан коомдук уюм болуп эсептелет. – Илим менен билим бир куштун эки канатындай эриш-аркак жүрүшү керек. Биз жогорку окуу жайлар илим менен билим берүүнүн интеграциясы болушу керек, окуу жайлар жөн эле билим бербестен, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдашыбыз керек деп айтып келебиз. Ошондуктан академия түзүүнү демилгелеп чыкканбыз. Буюрса, академия илим тармагын жакшыртуу, биргелешкен илимий иштерди ишке ашыруу үчүн жакшы аянтча болуп берет деген ишеничтебиз. Менимче, бул академиянын багыттары боюнча дагы макулдашабыз, сүйлөшөбүз, — дейт ассоциациянын төрагасы Абдылда Мусаев.

Чолпон Кийизбаева, «»Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер