БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ: «КЫЗМАТ» МЕКЕМЕСИ ЖАНА МИНИСТРЛИКТЕР КЫЗМАТТАШАТ

  • 22.07.2026
  • 0

Бүгүн Президенттин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинде «Түндүк» ААК менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жетекчилигинин катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар учурда билим берүү жана илим тармагында ишке ашырылып жаткан санариптик долбоорлор менен тааныштырып, заманбап технологиялык чечимдерди өнүктүрүү, өркүндөтүү жана биргелешкен демилгелерди турмушка ашыруу боюнча кенен пикир алышты.БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ: «КЫЗМАТ» МЕКЕМЕСИ ЖАНА МИНИСТРЛИКТЕР КЫЗМАТТАШАТСүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында белгиленген иш-чараларды ыкчам жана натыйжалуу ишке ашыруу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлуп, мындан аркы өнөктөштүктүн негизги артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

«Кызмат» мамлекеттик мекемеси эки министрлик менен билим берүү тармагын санариптик трансформациялоо, окуу процесстерине жана башкарууга заманбап IT-чечимдерди киргизүү багытында кызматташууну жигердүү улантат.

А.К., «КБ»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер