БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ БИЙИКТИКТЕР: ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ ЖЕТЕКТЕГЕН ЖАМААТТЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

  • 03.11.2026

Биздин кезектеги каарманыбыз – Чынарбүбү Козубекова учурда Сокулук районунун Шопоков шаарындагы №1 мектептин директору болуп эмгектенет. Чынарбүбү Стамбековна “Кут Билим” медиа борборунун тандоосу боюнча “Лидер жетекчи” сертификатын алган эки жетекчинин бири.

Биз философия илимдеринин кандидаты, КР Билим берүүсүнүн мыктысы, КР “Эмгек сиңирген мугалими”, мектеп менен дем алып, мектеп менен жашаган директор айым бизге учурда аткарылып жаткан иштери, ийгиликтери тууралуу айтып берди.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ БИЙИКТИКТЕР:  ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ ЖЕТЕКТЕГЕН ЖАМААТТЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Чынарбүбү Козубекова Талас облусунун мурдагы Ленинполь, азыркы Ч.Айтматов районунун Бейшеке айылындагы мектепти аяктагандан кийин 1985-1990-жылдары ал кездеги жалгыз университет – СССРдин 50 жылдыгы атындагы университеттин (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУ) физика факультетинде билим алган. Алгачкы эмгек жолу Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылындагы мектепте башталган. Ал педагогикалык ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантуу менен бирге илимий иштер менен алектенүү максатын көздөп КР Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасына окууга кирет. Аспирантураны аяктагандан кийин 2023-жылы “Философиялык рефлексиянын контекстиндеги экологиялык билим берүү” темасы боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, философия илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болот.

Мына ушундай илимдин кандидаты, билим берүү жана философия тармагында жарык көргөн 13 илимий эмгектин автору Чынара Стамбековна учурда негизги кесиптик ишмердүүлүгүнөн тышкары, билим берүү системасында улуттук тренер жана эл аралык деңгээлдеги тренер катары иш алып барат.

— Мен негизги кесиптик ишмердүүлүгүмдөн тышкары, педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, билим берүү тажрыйбаларын өнүктүрүүгө жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган билим берүү тренингдерин өткөрөм.

Билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгегим үчүн райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги сыйлыктар менен бир нече жолу сыйланганмын. Мындан үч жыл мурда “КР эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамына татыктуу болгом. Булардын баарын айтып жатканымдын себеби, адамдын эмгеги акыры бааланбай койбойт экен, канчалык аракеттенип изденип иштесең, акыбети сөзсүз кайтат тура. Бирок мен үчүн ушул сыйлыктардын эң маанилүүсү, тагыраак айтканда, жетекчилик ишмердүүлүгүмдүн эң үзүрлүү жемиши – мен жетектеген К.Карасаев атындагы №1 мектептин педагогикалык жамаатынын натыйжалуу эмгеги, биз окутуп билим берген окуучуларымдын жетишкен ийгиликтери деп билем.

Биздин мектептин окуучулары жыл сайын райондук, облустук жана республикалык олимпиадаларда, сынактарда жана интеллектуалдык таймаштарда байгелүү орундарды ээлеп келишет. Мектептин өзгөчө сыймыгы — бүтүрүүчүлөрүбүздүн ийгиликтери. Мектептин бүтүрүүчүлөрү жыл сайын Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына өтүшөт. Бүтүрүүчүлөрдүн 30 пайызга жакыны Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун бюджеттик орундарына кабыл алынат. Бул жыйынтыктар педагогикалык жамааттын жогорку кесипкөйлүгүнөн, билим берүү процессин натыйжалуу уюштуруудан, таланттуу окуучулар менен максаттуу иш алып баруудан жана билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө болгон туруктуу умтулуудан кабар берет, — дейт Чынара Стамбековна.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ БИЙИКТИКТЕР:  ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ ЖЕТЕКТЕГЕН ЖАМААТТЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Мектеп жетекчисинин башкы баалуулугу ар бир окуучунун жөндөмүн ачууга жана жогорку билим берүү натыйжаларына жетүүгө жөндөмдүү күчтүү кесипкөй команданы түзүүдө эмеспи. Директор айым ушул ийгиликтерге өз кесибин чын жүрөктөн сүйгөн жана педагогикалык ишмердүүлүктү жөн гана жумуш эмес, жан дүйнөсүнүн чакырыгы деп билген эмгек жамааты менен биргеликте жетишип олтурат. Ал үчүн кесиптештер жана окуучулар менен болгон жылуу, ишенимдүү мамилелер өзгөчө баалуу. Алардын урмат-сыйына, чын ыкластан көрсөткөн сезимтал мамилесине арбалып, өз кезегинде өзү дагы кол алдында иштеген адамдардын ар бирине, ар бир окуучуга чоң урмат-сый менен мамиле жасоого далалаттанат.

— Биздин мектепте окуучулар кеңешин өнүктүрүүгө, демократиялык принциптерге жана өсүп келе жаткан муундун активдүү жарандык позициясын калыптандырууга чоң көңүл бурулат. Мектепте окуучулар парламенти иштеп, анын алкагында “Вдохновение” балдар-өспүрүмдөр уюму иштейт. Бул — окуучулар менен мугалимдердин ортосунда ачык диалог куруу, мектеп жашоосундагы актуалдуу маселелерди, балдардын көйгөйлөрүн жана демилгелерин талкуулоо үчүн өзгөчө аянтча. Биз ар бир окуучу өз пикирин эркин айта алган, сезимдери менен бөлүшө алган, идеяларын сунуштап жана уктурууга жетише алган чөйрөнү түзүүгө умтулабыз.

Окуучуларды башкаруунун өзгөчө формасы катары мектептин ичинде түзүлгөн өзгөчө “кичи мамлекет” саналат. Жыл сайын мектеп мамлекетинин президентине демократиялык шайлоолор өткөрүлөт. Талапкерлер алдын ала өз талапкерлигин коюп, шайлоо алдындагы программаларын тааныштырат, депутаттык корпус жана өзүн өзү башкаруу органдары түзүлөт. Окуучулар демократиянын, шайлоонун, жоопкерчиликтин, лидерликтин жана жамааттык чечим кабыл алуунун принциптери менен практикада таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Тарбиялык иштин мындай системасы өз алдынча, жоопкерчиликтүү, демилгелүү жана социалдык жактан активдүү инсанды калыптандырууга көмөктөшөт деп терең ишенем. Бул ошондой эле мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдейт, — дейт ал.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе — бул мектеп жетекчилигинин, мугалимдердин окуучулардын ата-энелери менен түзгөн алакасы. Аталган мектепте ата-энелер коомчулугу менен жылуу жана ишенимдүү мамиле калыптанган деп ишенимдүү айтса болот. Ата-энелер мектептин ишенимдүү өнөктөшү катары педагогикалык жамаатка жакындан колдоо көрсөтүүгө ынтызар. Кандай маселе же өтүнүч боюнча кайрылышпасын, ата-энелер мектептин жашоосуна активдүү катышып, болгон маселелерди чечүүгө жардам беришет. Мындай кызматташтыкты баалабай коюуга эч мүмкүн эмес, анткени балдардын толук кандуу өнүгүшүн жана тарбияланышын мектеп менен үй-бүлөнүн биргелешкен аракети аркылуу гана камсыз кылууга болот эмеспи.

Көйгөй демекчи, азыр андай маселелер ар бир мекемеде, айрыкча, мектепте кездешпей койбойт. Изденген жерде ийгилик сөзсүз жараларын жакшы билген лидер директор мектептин материалдык-техникалык жагын жана окуу процессин заманбап жабдуулар менен жабдуу маселелери боюнча кездешкен айрым кыйынчылыктарды кезеги менен чече билет. Ынтымактуу эмгек жамааты мектептин эң жооптуу жана эң жогорку миссиясы болгон билим берүү сапатын жогорулатуу, жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү жана окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды камсыз кылуу багытында үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүп келет.

Өндүрүш чыгарган продукциясы менен мактанса, мектеп окуучуларынын жетишкендиктери менен мактанат эмеспи, ансыңарындай, бул мектептин эл аралык деңгээлдеги жеңиштери арбын. Алсак, өткөн жылы алты окуучусу Дубай шаарында англис тили жана математика боюнча өткөрүлгөн эл аралык олимпиадаларга катышып, баардыгы байгелүү орундар менен кайтты. Ал эми быйыл Лондон шаарында өткөн англис тили боюнча эл аралык олимпиадада бир окуучусу коло медалга татыктуу болду. Андан тышкары, Японияда өткөн олимпиадага катышкан окуучусу байгелүү биринчи орунду багындырды.

— Биздин мектептин чыныгы жетишкендиги — бул окуучулардын FLEX эл аралык алмашуу программасына катышуусу деп билем. Программага катышкан жылдар ичинде мектептин жыйырмадан ашык окуучусу Америка Кошмо Штаттарында окуп келип, башка элдин билим берүү системасы, маданияты жана салттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Өткөн окуу жылында программанын катышуучусу Калысбекова Каныкей бир жыл бою АКШда билим алып келди.

Мектеп жетекчиси үчүн мындай ийгиликтердин ар бири жөн гана сыйлык же жетишкендик эмес, бул — болгон күчүн, билимин жумшаган ар бир педагогдун терең ишениминде өзү окуткан балдардын алдына жаңы горизонтторду ачып, аларга өз күчүнө ишенүүгө жардам берип жаткандыгынын далили. Жыл өткөн сайын окуучулардын жетишкендиктеринин мааниси артып, алардын географиясы кеңейип жатканы өзгөчө кубандырат. Бул мен үчүн чыныгы сыйлык жана сыймык, — дейт Чынара Козубекова сыймыктануу менен.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү