БЕШ ЖОЖГО ӨЗГӨЧӨ СТАТУС БЕРИЛЕТ

  • 05.04.2022
  • 0

Кыргызстандын беш жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилет. Алар экономикалык жана өндүрүштүк эркиндикке ээ болуу менен стандарттарды, абитуриенттерди кабыл алуу эрежелерин өз алдынча бекитип,  филиалдарды жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен ачып, башкаруу системасын өз алдынча өзгөртүүгө ээ болушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри ЖОЖ ректорлору менен болгон жолугушууда билдирди. 

  • Ал беш окуу жайга өзгөчө талаптар коюлат. Беш жылдын ичинде Азиядагы окуу жайлардын рейтингинде топ беш жүзгө кирип, бардык институционалдык, программалык аккредитациядан өтүп бүтүшү керек. Андан сырткары бардык окуу жайлар билим, илим, бизнес жана өндүрүш деген төрт багытта өнүгүүгө тийиш. Жакынкы арада окуу жайлар ирилештирилип, бири-бирине кошулат. Азыр аларга каржылык эркиндик берилип жатат. Иштеп тапкан акчаны мурдагыдай казынага которбостон, мамлекеттик банктарда кармап, окуу жайдын өнүгүшү үчүн каалаган учурда колдонууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоору иштелип жатат. Эми болгону жетекчилер университеттин каржылык базасын чыңдоо үчүн жигердүү иштеп бериши керек, — дейт министр Алмазбек Бейшеналиев.

Андан сырткары ЖОЖдордо башкаруунун философиясы өзгөрөт. Тɵртүнчү муундагы университетке өтүп, инновациялык долбоорлордун толук жашоо цикли «идея-продукт» ишке ашырылат. Башкача айтканда, бардык иш билим-илим-бизнес менен иштешүү жана инновациялык продукцияларды өндүрүүгө багытталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер