Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Базарбай Мамбетов каза болду

  • 24.10.2023
  • 0

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Базарбай Мамбетов каза болду

2023-жылдын 22-октябрында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, эмгек сиңирген куруучу, Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министри жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы мурдагы элчиси Мамбетов Базарбай Эстебесович 75 жашында узакка созулган оорудан улам каза болду.

Мамбетов Базарбай Эстебесович 1948-жылы 6-майда Талас облусунун Балбал айылында туулган. Мектепти бүтүргөндөн кийин Москва шаарындагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтун жана Коомдук илимдер академиясын бүтүргөн.

Ал 1985-жылы Фрунзе шаарындагы Жеңиш аянтынын, Казарман алтын кен комбинатынын, Өкмөт Үйүнүн, Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинин, азыркы Ош жана Аламүдүн базарларынын курулушун жетектеген. Бүт өмүрүн курулуш тармагына арнап, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу” наамын алган.

1988-жылы Армениянын Спитак шаарындагы катуу жер титирөөдөн кийин шаарды калыбына келтирүү иштерине катышкан.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп, ЕврАзЭС маселелерин жетектеп, Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрү менен соода-экономикалык байланыштарды түзгөн.

2011–2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчиси болгон.

Мамбетов Базарбай бир канча мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Акыркы жылдары гидроэнергетиканы өнүктүрүүдө, өлкөнүн Борбордук Азиядагы стратегиялык суу-энергетикалык позициясын кеңири жайылтып, Нарын ГЭС каскадын курууну улантууда активдүү катышып келген, өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясын жетектеп келген.

Анын үч баласы жана жети небереси бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер